Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Беш-Арал коругунан атчан кайтып келе жаткан кызматкер Исфана суусуна агып кетти

Turmush -  Чаткал районундагы Ак-Таш айылынын тургуну Исфана суусунан атчан өтүп бара жатканда агып кетти. Окуя кечээ, 20-апрелде саат 12:13 чамасында болгон.

ӨКМдин маалыматы боюнча, сууга агып кеткен 62 жаштагы Аширов Салибай Беш-Арал коругунун кызматкери болгон. Анын жанында коруктан кайтып келе жаткан 12 атчан киши бар болчу. Коктудан түшкөн суунун агымы тез болгондуктан бирге бара жаткан адамдар аны куткара албай калышкан. Исфана суусу болжол менен окуя болгон жерден 500-600 метрден кийин Чаткал дарыясына кошулат.

Окуядан кийин Беш-Арал коругунун 12 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 20 адам өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал тарапта байланыш болбогондуктан караңгы киргенде издөө иштерин токтотушуп, ӨКМдин райондук бөлүмүнө саат 20:30 чамасында кабар беришкен. Саат 23:30 чамасында ӨКМдин Республикалык өзүнө куткаруу отрядынын 9 куткаруучудан түзүлгөн ыкчам тобу чыгып кеткен. Издөө иштери бүгүн, 21-апрель күнү улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 968
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×