При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фоторепортаж - Кара-Суудагы Айырмач-Тоосунда аттардын, тоо текелердин ташка чегерилген 60га жакын элеси бар

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Сүрөттүү-Таш тилкесиндеги Айырмач –Тоосунда таш бетине чегерилген 60га жакын аттардын, тоо текелердин элеси бар. Бул тууралуу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Убайдуллаев билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенден бери Айырмач-Тоосу дагы буфердик зона катары корукка алына баштаган.

«Сулайман-Тоо бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенде коруктагы аймагы кошо кирген. Сулайман-Тоонун корук аймагы 137 гектар, ал эми буфердик зонасы жалпы 4 миң гектарга жакын. Керме-Тоо, Айырмач-Тоо буфердик аймак болуп саналат. Буфердик зонанын аймагына бийик имараттарды дагы курууга мүмкүн эмес. Тоо бетине чегерилген петроглифтердин баары толугу менен изилденип бүтө элек. Бул аттар тарыхта Даван мамлекетиндеги аттарга салыштырылып келет. Аттардын элеси дагы өзгөчө композицияга ээ», - деди ал.

Сүрөттүү-Таш тилкесинде бүгүнкү күндө 600 кожолук жашайт. Тоонун айланасы курчоого алынбагандыктан таш беттерине өздөрүнүн аттарын жазып, түрдүү сүрөттөрдү тартып кеткендер да бар. Бул көрүнүш жакшы эмес, деди айыл башчысы Миркадыр Садыков.

«Бул тоонун айланасы курчоого алынган эмес. Жергиликтүү тургундар жайыт катары пайдаланып келишкен. Биз жаш кезибизде бул тоолордогу сүрөттөрдү көргөнүбүз менен маани берген эмес экенмин. Азыр атайын эскертүү тактайчаларын жазып, коруп жатабыз. Бирок, эс алуучулар тазалыкка үйрөнө албай жатышат», - деди айыл башчы.

2010-жылы июнь коогалаңынан кийин тоонун аймагына мыйзамсыз үй куруп алгандар көбөйгөн. Өткөн жылы айыл өкмөт тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, 80 үй бузулган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 956
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу