При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Нарын районунда «Бирге окуйбуз» фестивалына активдүү катышкан окуучулар сыйланышты (фото)

Turmush -  Нарын районунда «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында фестиваль өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга долбоордун координатору Токтогүл Осмокеева билдирди.

Маалым болгондой, аталган фестивалга Нарын районунун 18 мектебинин жана Нарын шаарынын 4 мектебинин окуучулары жана ата-энелери катышты. Фестивалда окуучулар жана мугалимдер өз колдору менен жасаган көрсөтмө куралдарын көргөзмөгө коюшту. Андан соң мугалимдер балдарга жана ата-энелерге кызыктуу жомок окуп берип, анын маанисин окуучулар менен бирге чечмелөөгө жардам беришти. Ал эми, окуучулар жомоктогу каармандардын кейипкерлерин да чеберчилик менен аткарып беришти. Ошондой эле, алар өздөрүнүн күчү менен даярдаган чакан концертте «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, ыр жана бийлерин көрсөтүштү.

Фестивалдын жыйынтыгында активдүү катышкан окуучуларга уюштуруучулар тарабынан жомок китептер белекке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 416
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×