При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ош шаардык соту Ноокатта 11 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнү актады

Turmush -  Ош шаардык соту Ноокатта 11 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады деп айыпталып жаткан шектүүнү актап, сот залынан бошотту. Бул маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы да тастыктады.

Шаардык сот КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-129-берененин 4-бөлүмү менен козголгон иш боюнча 14-апрелде өкүм чыгарган.

«2017-жылдын 16-февралынан баштап Ош шаардык соту тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн жазык иш боюнча 7 жолу сот отуруму дайындалып, жабырлануучу, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү жана алардын жактоочусу А.Карабаева соттук отурумдун орду жана убактысы жөнүндө тийиштүү түрдө кабардар болушкандыгына карабастан белгисиз себептер менен келишкен эмес.

Жабырлануучу тарап соттук отурумга келбегендигине байланыштуу алардын тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрү жарыяланган. Отурумда күбөлөр: Б.И., Н.А., А.К., Ж.А. жана А.Д. айыпталуучуну өспүрүм кыздарды «бул жерде ойнобогула, болбосо урушам» деп тилдеп, үйүнө кайра кирип кеткенин айтышкан. Ошондой эле, далил буюм катары алынган көйнөктүн окшош эместигин айтып, ал күнү жабырлануучу кызыл-сары түстөгү узун көйнөк кийип жүргөн деп көрсөтмө беришкен.

Милиция кызматкерлери дагы 2016-жылдын 12-июнунда чакыруу менен барышканда жабырлануучу айыпталуучу менен урушканын айтканын, ошол учурда жабырлануучу делген кыз апасынын жанында турганын, бети-башы таза, эч жеринде жаракаты жок болгондугун айтып көрсөтмө беришкен. Ноокат районунун Борбаш айылынын аймактык тескөөчүсү М.Матосмонов 2016-жылдын июль айында иш бөлмөсүнө жабырлануучу келип, кыздарын кошунасы (айыпталуучу) уят сөздөр менен тилдегенин айтып, бирок арыз жазылбаганын билдирген. Мындан сырткары, жабырлануучу кыздын апасы бул окуяга чейин да айыпталуучунун үстүнөн бир нече жолу арызданып, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 315-берене боюнча, өкүм соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттолуучунун кылмышты жасоодогу айыбы изилденген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделүүгө тийиш эмес көрсөтүлгөн.  

Нааразы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу», - деп айтылат шаардык соттун билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1832
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу