Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Жаш билерман» жана «Акылкарачач» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарында «Жаш билерман» жана «Акылкарачач» сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун директору Апсамат Хаким уулу билдирди.

Өзүнүн айтымында, сынак Билим берүү жана илим министрлиги менен аталган коомдук жаштар фонд тарабынан уюштурулган.

«Сынак окуучуларды билим алууга, аны тереңдетүүгө, өз алдынча окуп үйрөнүүгө үндөө, таланттууларды тандоо жана багыт берүү, алардын башын бириктирип, өз ара пикир алышууга ыңгайлуу чөйрө түзүү максатында өттү. Ага Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан келген командалар катышты. Сынактын жүрүшүндө командалар математика, тарых, география, кыргыз тили жана кыргыз адабияты жана башка сабактары боюнча күч сынашты», - деди ал.

«Жаш билерман» сынагынын жыйынтыгында №8 мектептин балдар командасы 1-орунду, 2-орунду Нарын районунун балдар командасы, 3-орунду Токтогул мектебинин командалары ээлешти. Ал эми, «Акылкарачач» сынагында 1-орун Ак-Талаа районунун, 2-орун Чкалов атындагы мектебинин, 3-орун Токтогул мектебинин командасына ыйгарылды.

Жеңүүчүлөргө республикалык деңгээлдеги финалга катышууга жолдомо берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1090
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×