При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Жалал-Абаддын өрт өчүрүүчүлөрү Сузактагы өрттөрдү өчүрүүгө жардам көрсөтүүдө

Turmush -  Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү шаар аймагында катталган өрт кырсыктарын гана эмес, коңшулаш Сузак районунун жакынкы аймактарында катталган өрт кырсыктарын да өчүрүүгө жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн кароол башчысы, улук лейтенант Каныбек Маматкулов билдирди.

Анын айтымында, өткөн 3 айда Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызматынын өрт өчүрүүчүлөрү 6 жолу Сузак районунун аймагындагы өрт кырсыктарын өчүрүүгө катышты.

«Ушундай өрт кырсыктарынын бири ушул жылдын 15-апрелинде Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Ирригатор айылында катталды. Андан азыркы замандын талабына ылайык оңдолуп-түзөлгөн чоң жер үйдүн 200 чарчы метр аянты өрттөн жабыркаган. Жергиликтүү калктын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен турак үйдүн жарымы, үй эмеректери сакталып калды», - деди ал.

Турак жайларда катталган өрт кырсыктары негизинен электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эрежелердин бузулушунан улам келип чыгуусун эске алып, турак жай ээлерине турак үйлөрдүн электр зымдарынын, электр шаймандардын техникалык абалын дайыма көзөмөлдөп турууну өрткө каршы кызматы эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 218
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×