Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик А.Кажирова Тажикстандан жашылча-жемиш ташып келип сатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Азада Кажирова 20 жылдан ашык убакыттан бери жашылча-жемиш сатат. Аймактык кабарчы соодагер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жашылча-жемиштерди Тажикстандан алып келет. Учурда Баткенде помидор менен бадыраң өстүргөн күнөсканалар дээрлик жокко эсе болгондуктан, Тажикстандан алып келүүгө аргасыз болушат. Бир айда орто эсеп менен 30 миң сомдон ашык пайда табат. Учурда 1 кг помидорду 150 сомдон, бадыраңды 90 сомдон, болгар калемпирин 150 сомдон сатып алып келип, үстүнө 10-20 сом коюп сатышат.

Учурда помидор менен бадыраңга болгон элдин суроо-талабы жогору. Бирок, жашылча-жемиштерди Тажикстандан алып келүү да оңойго турбайт. Аларды Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара пункттарынан алып өтүү кыйын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 696
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:40,   15.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×