При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Нарындык окуучулар интеллектуалдык эл аралык сынактан байгелүү кайтышты

Turmush -  Нарын районунун окуучулары «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык кароо-сынагынан байгелүү кайтышты.

Облустук билим берүү борборунун директорунун орун басары Рыскүл Турдалиева билдиргендей, эл аралык кароо-сынак Бишкек шаарында өткөн. Жыйынтыгында «Энергия жана энергияны үнөмдөө технологиясы» номинациясы боюнча Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинин жаш архитекторлор ийриминин катышуучулары 1-орунду, «Программалоо» номинациясы боюнча Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабек Муканбетов менен «Жаңы иштеп чыгуулар жана энергия технологиясы» номинациясы боюнча М.Осмонов атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек уулу Айтбек 2-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 230
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×