Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Бала тили — бал: Менин күйөөм азый жумушта, - 4 жаштагы Нурай

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жашаган 4 жаштагы Маратова Нурай.

- Атың ким?

- Нурай.

- Канча жаштасың?

- Төйт.

-Үй-бүлөдө канча адам болуп жашайсыңар?

- Биз көппүз да.

- Нурай, бала бакчага барасыңбы?

- Бизде бала бакча жок да. Мен мектепке така кийип барам (бут кийимди көрсөтүп).

- Мектепте окуучулар эмне кылышат?

- Жыйгаап койжик жеп келишет да.

- Сен кайдан билесиң коржик берерин?

- Майжана апчем сумкага салып келет да.

- Сага кайсы тамак жагат?

- Манты. Бийок апам кечкейе чоң атама койо жасап бейебейт.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Күйөөгө тием да.

- Күйөөгө тийгендер эмне кылат?

- Бала төйөт да.

- Балдарды кайдан алып келет?

- Машина менен алып келет. Мен көп бала төйөм.

- Канча бала төрөйсүң?

- Көп (колу менен онду көрсөттү).

- Аларды кантип чоңойтосуң?

-Бийөөнү апчеме, бийөөсүн апама бейем да.

- Эмне үчүн апаларга бересиң?

- Алар ыйаак болот да, багып бейишет... Менин күйөөм азый жумушта да.

- Эмне жумушта иштейт?

- Шаайда бейбаш кылгандайды каймап жүйү да.

- Күйөөңдүн аты ким?

- Майс (Марс).

- Ал сени жакшы көрөбү?

- Ооба, ал мага кукуйуз маожиний алып бейет да.

- Ал канча жашта?

- Ал чоң да акем менен дос да. Анын мачинасы бай. Үйгө келгенде мени мачинасы менен магазинге алып байат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 780
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×