При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Кытайда жубайлардын мушташынан учак 28 мүнөткө кармалды (видео)

Turmush -  Кытайдын түштүк-батышындагы провинциянын аэропортундагы учак жубайлардын мушташынан улам 28 мүнөткө кармалды. Бул тууралуу британиялык басылмалар жазып чыгышты.

Аэропорттун кызматкерлеринин айтымында, жубайлардын урушу учакка түшүү үчүн кезекке турган маалда башталган. Андан соң, алар жерге түшүп алып мушташып башташкан.

«Жубайларга учакка отурууга тыюу салынып, аларды полиция кызматкерлери алып кетишти. Сурак учурунда аялы менен күйөөсү ажырашуу процессинде жүргөндүгүн айтышкан», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 656
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×