Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Ала-Букадагы Чанач-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, үйлөргө кооптуулук жаратты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Актам айыл аймагын аралап аккан Чанач-Сай дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп, кооптуу абалды жаратууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, бүгүн, 20-апрелде Ала-Бука районунун акими С.Акпаралиев, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы З.Дүйшөбаев баштаган жетекчилер райондун аймагындагы өзгөчө кырдаал жаратуучу аймактардын абалы менен таанышып, жеринен кабар алышты. Район жетекчиси кырдаал боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, суу ташкындарын алдын алуу чараларын көрүү керектигин эскертти. Чанач-Сай суусунун көлөмү көтөрүлүп, дарыя жээгиндеги турак жайларга, унаа жолдорго кооптуулук жаратууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, быйыл Чанач-Сай дарыясынан жылдагыдан суу көп агып жатат.

«Суунун көлөмү май айында дагы көтөрүлүшү мүмкүн»,- дешет алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×