Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Сокулуктун тургуну 1 жыл бою аялынын акчасын уурдап, ордуна жасалма доллар коюп жүргөн

Turmush -  Чүй облустук соту бир жыл бою аялынын акчасын уурдап жүргөн шектүүгө карата өкүм чыгарды. Иш тууралуу 3-апрелдеги токтомдо айтылат.

Маалым болгондой, айыпкер Х.Р.Ю. Сокулук райондук сотунун 2016-жылдын 16-декабрындагы чечими менен макул болбой, апелляциялык арыз менен кайрылган. Райондук сот шектүүнү КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин 2-4-бөлүмдөрү менен күнөөлүү деп таап, 7 жылга түзөтүү абагында жаза өтөсүн деп чечкен.

Соттун маалыматы боюнча, Х.Р.Ю. 2015-жылдын август айынан тарта, 2016-жылдын июль айына чейин Шопоков шаарындагы үйүнөн жалпысынан 3,5 миң доллар уурдаган. Ал аялы акчаны кайсы жерге катканын билчү. Сот отурумунда айыпкер аялында мураска калган үйдүн акчасы бар экенин билгенин айткан. Белгилүү болгондой, ал уурдаган акчанын ордуна жасалма купюраларды коюп жүргөн.

Жабырлануучу Х.Т.В. сот отурумунда билдиргендей, 2014-жылы эки бир тууган эжеси менен ата-энесинен мураска калган үйдү сатышкан. Үй 20 миң долларга сатылып, ал анын 5 миң долларына ээ болгон. Акчаны үйүнө алып келип, бут кийимдин коробкасына катып койгон. Өздөрүнүн туруктуу жашаган үйү жок болгондуктан, үй алуу үчүн акча топтоп жаткан.

Жабырлануучу 2015-жылдын май айында 1 миң доллар жетпей калганын билип, күйөөсүнө айткан. Күйөөсү акчаларды алганын мойнуна алып, кайтарууну убадалаган. Кийинчерээк күйөөсүнүн эжеси жасалма купюралар тууралуу билдирип, жабырлануучу 100 долларлык жасалма купюраларды (жалпы 2 миң доллар) тапкан. Жалпысынан анын акчасынан 3,5 миң доллар кемиген.

Чүй облустук соту Сокулук райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6654
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×