Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Кыргызстанда эң мыкты клуб жана эң мыкты китепкана сыйланды

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков Ош шаарында болгон иш сапарынын алкагында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты клуб» жана «Эң мыкты китепкана» наамдарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Эң мыкты клуб» наамына Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Кара-Булак айылынын маданият үйү, Аксы районундагы Кашка-Суу айылынын маданият үйү жана Токтогул районундагы Саргата айылынын К.Жаманбаев атындагы маданият үйү ээ болду.

Ал эми, «Эң мыкты китепкана» наамы Баткен районунун Бүжүм айылынын китепканасына, Жалал-Абад облустук жана Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына тапшырылды.

Республикалык бул кароо-сынакка жалпы 704 клуб жана 1061 китепканалар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 592
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×