Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Кара-Бууранын окуучулары жол эрежеси боюнча республикалык сынакка катышат

Turmush -  Талас шаарында өткөн «Жол кыймылы, жаш тескөөчүлөр» сынагында Кара-Буура районунун «Алга» командасы жеңишке жетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган команда эми республикалык сынакка катышат.

«Жол кыймылы, жаш тескөөчүлөр» сынагы буга чейин ар бир район, шаарда өткөрүлүп, анда өзүлөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүшкөн алдыңкы командалар бул күнү сынактын облустук туруна катышты. Буга чейин мектептен Патрулдук милиция кызматынын жардамы менен даярдалып келген окуучулар, сынактын шарттарына ылайык берилген тапшырмаларды аткарышты. Сынакка катышкан командалардын мыктыларын аныктоого атайын калыстар тобу түзүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×