Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Видео - Сирияга адашып барган 29 жаштагы Бабуржан өлкөгө келгенден кийин шарттуу соттолгон

Turmush -  Кара-Суу районунун 29 жаштагы тургуну Бабуржан 2013-жылы Түркия аркылуу Сирияга барып, кайра кайтып келген. Кыргызстанга келгенден кийин 2 жыл шарттуу соттолгон. Бабуржан журналисттерге берген маегинде ал жакка алданып барып калганын, согуштук аракеттерге катышпаганын айтты.

«Мен 2013-жылы Түркияга иштейм деп баргам. Ал жактан мени адамдар үгүттөп, Түркия аркылуу Сирияга алып барган. Сирияга адашып барып калгам. Ал жакта болгону 7 күн жүрүп, качкындар жаткан чатырларды көргөндөн кийин кетип калгам. Согуштук аракеттерге катышкан жокмун. Келгенден кийин сот жообуна тартылып, 2015-жылы 2 жылга шарттуу соттолдум. Жазанын мөөнөтү аяктап калды. Азыр бала-чакам менен жашап жатам. Эч ким бизге окшоп адашпасын», - деди ал.

Милициянын берген маалыматына караганда, Сирияга кеткен адамдардын саны боюнча Кара-Суу району алдыңкы орундарда турат.

«Кара-Суу району боюнча 200дөн ашуун адам ар кандай жолдор менен Сирияга кеткен. Алардын ичинен 16 адам Кара-Суу шаарынын тургундары. Анын бири кайтып келип, жазасын өтөп жатат», - деди Кара-Суу РИИБдин 10-бөлүмчөсүнүн башчысы Руслан Омошев.

Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу шаарынын миңге жакын тургуну экстремизм менен терроризмге каршы тынчтык митингине чыгып, жөө жүрүш уюштурушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3136
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×