Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Базар-Коргондун Сейдикум айыл аймагында 8 гектар үлүш жерди суу алып кетти (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндүктөн 8 гектар жерди суу жеп кеткен.

Айылдыктардын ырастоолорунда, 9 адамдын үлүш жерин суу алып кетти, анын ичинде мамлекеттик фонддун да жерлери бар.

«Фонддун 5-6 гектарга жакын жерин суу каптоо коркунучу турат. Сай жээгин бекемдөө жумуштары жүргөнүнө карабастан көп көлөмдө келген суу айдоо жерлерди каптап кетүүдө», - дешти тургундар.

Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы А.Бекилов бүгүн, 20-апрелде билдиргендей, Ноокен районунун Арал айылында Кара-Үңкүр дарыясы өз нугуна түштү. 

«Абал турукташты, суу каптоо коркунучу жоюлду, учурда техникалар жеринде иштеп жатат. Кечээ, 19-апрелде суунун көлөмү секундасына 170 кубдан 200 кубга көтөрүлгөн болчу, бүгүн 150 кубга түштү. Суунун нугу бурулду», - дейт ал.

Тема боюнча:

19.04.2017Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 885 үй-бүлө көчүрүлдү (видео, фото)
14.04.2017Кара-Үңкүр дарыясында суунун көлөмү көтөрүлсө 45 гектар айдоо жерге, 75 үйгө кооптуулук жаратат (фото)
14.04.2017Видео, фото - Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Чкалов айылындагы көпүрө бузулду
19.04.2017Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ноокенде 10 гектар эгин талааны суу алып кетти (фото, видео)
20.04.2017Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясы өз нугуна түштү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×