Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Баткенде 35 гектар аянтка 10 миңден ашык дарак көчөттөрү отургузулду

Turmush -  «Жашыл» долбоорду ишке ашыруу максатында Баткен облусунун кооптуу 14 аймагындагы 35 гектар аянтка ар түрдүү 10 миң 800 көчөт отургузулуп, 105 кг бадам, 90 кг мисте уруктары себилди. Бул тууралуу ӨКМдин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМ тарабынан Баткен облусунун аймагындагы жер көчкү коркунучу бар аймактарга отургузулган көчөттөрдү мал-жандыктардан коргоо максатында айланасын тосуу үчүн 508 миң 200 сом каралды.

Облус аймагында жалпысынан 9 гектардын айланасы тосулуп, 1200 түп рча, 300 түп кайрагач, 300 түп жаңгак жана 10 кг мисте уруктары корголот. Жыйынтыгында 137 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, суу насосу, таза суу түтүкчөсү, трансформатор, скважина, канал, таза суу арыгы, 78,3 гектар жер аянттары, 1 социалдык объект, 1 мазар 7,7 км жол корголот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 656
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×