Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Жалал-Абад

Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (толукталды, фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Базар-Коргон районунун Акман айылында тигилген боз үйгө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулууда, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алар Ош—Бишкек жолунун Акман айылындагы тилкесинде депутатты камактан чыгарууну талап кылышууда. Мындан тышкары, жол четинде «Текебаев мандатсыз президент» деген жазуулары бар гезиттерди таратышууда.

Саат 15:30га алынган маалыматка караганда, камактагы депутаттын тарапташтары Ош—Бишкек жолунун жээги менен Жалал-Абад шаарын көздөй «Ө.Текебаевге боштондук!» деген ураан менен жөө жүрүшкө чыгышты. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалган.

Тема боюнча:

16.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары күнү-түнү боз үйдө турушат (фото, видео)
17.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото, видео, толукталды)
23.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
24.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
25.03.2017Ө.Текебаевдин тарапташтары Бишкек—Ош жолунда жөө жана атчан жүрүшкө чыгышты (фото)
28.03.2017Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
29.03.2017Жогорку сот Ө.Текебаевди 2 айга камакка алуу чечимин күчүндө калтырды
29.03.2017Фото - Эки айга камакка алынган Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай? (толукталды)
07.04.2017Бишкек—Ош жолунда Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
15.04.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 47786
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×