Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (толукталды, фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Базар-Коргон районунун Акман айылында тигилген боз үйгө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулууда, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алар Ош—Бишкек жолунун Акман айылындагы тилкесинде депутатты камактан чыгарууну талап кылышууда. Мындан тышкары, жол четинде «Текебаев мандатсыз президент» деген жазуулары бар гезиттерди таратышууда.

Саат 15:30га алынган маалыматка караганда, камактагы депутаттын тарапташтары Ош—Бишкек жолунун жээги менен Жалал-Абад шаарын көздөй «Ө.Текебаевге боштондук!» деген ураан менен жөө жүрүшкө чыгышты. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалган.

Тема боюнча:

16.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары күнү-түнү боз үйдө турушат (фото, видео)
17.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото, видео, толукталды)
23.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
24.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
25.03.2017Ө.Текебаевдин тарапташтары Бишкек—Ош жолунда жөө жана атчан жүрүшкө чыгышты (фото)
28.03.2017Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
29.03.2017Жогорку сот Ө.Текебаевди 2 айга камакка алуу чечимин күчүндө калтырды
29.03.2017Фото - Эки айга камакка алынган Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай? (толукталды)
07.04.2017Бишкек—Ош жолунда Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
15.04.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 47150
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Samantam
16:08, 20 апреля 2017
ОБОН деген кесип кыргыздын койгойуно тийген кесип болду го
Нет аватара
qazzaq
14:53, 20 апреля 2017
Эгерде Текебаев булганбаган, таза, патриот, чыныгы Кыргызга куйгон уулу болсо, - бийлик камамак эмес! Камап койсо, эл бошотуп алмак 6-7 Апрельдегидей кылып! Бирок, тилекке каршы, Текебаев улут атасы айтпаганда эле, партия, конституция атасы да болбой, интрига - ушактын, кийинчирээк марадерчулук жана эки жуздуулуктун атасы болуп калды! Муну эл байкап турат, калын эл ким кандай саясатчы экенин жакшы билет! Ошондуктан Текебаевди калын журт колдобой койду! жада калса партиялаштары да колдобой турган учуру!
Нет аватара
Baks_ts
14:22, 20 апреля 2017
Даа Текенин кадыры жада калса, оз жеринде да жок экени чогулгандардын санынан эле корунуп турат. Жасалма митингден пайда жок экенин булар али эле тушуно элек го? Кемпирлерди кочого суйрогондон уялышпайбы дейм да
Нет аватара
toxa
14:20, 20 апреля 2017
боз уйго чогулуп жаман жорук баштабай турсанар, боз уйго кыргызга жамандык болгондо чогулат. соттун окумун куткуло, таптаза болсо чыгат да.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×