При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Жубайлар: Абышкама мени ала качып кетпейсиңби деп сунуштагам, - 87 жаштагы ысык-көлдүк Мээркан эне (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылындагы жубайлар — 87 жаштагы Бейшеке Муканбетов менен 85 жаштагы Мээркан Муканбетова 69 жылдан бери бирге жашайт. Алар 9 балалуу, 28 неберелүү жана 31 чөбөрөлүү болушту.

Жумагазы, Эсентур, Гүлмира, Рашида, Медет, Индира аттуу уул-кыздарынын сыйын көрүп, учурда кичүү уулу Мелис менен келини Элмиранын колунда.

Айтылуу Мойт акенин небере келини болгон Мээркан эне башынан өткөн кызыктуу окуясын кабарчыга айтып берди.

«16 жаштагы кезим. Атамдар мени таякелерине кол менен бермей болушту. Алардын кишиси менден бир топ жаш уулу адам эле. Тоо этектей музоо, торпокту айдап барганда азыркы жанымда отурган абышкам атчан ары-бери өткөндө тийишип калчу. Менин тоюм жакындап калганда «мени ала качып кетпейсиңби» деген сунуш киргизип, болгон окуяны айттым. Бейшекем араң эле турганбы, «кечинде келем» деп кетти. Ала качып барып, Аюу-Төр капчыгайында 2 ай жашадык. Бизди издеп келгендер Аюу-Төргө чейин келишет да, коркуштубу кайра кетишет. Биз аларды көрүп турабыз, алар бизди көрүшпөйт.

Мен Мойт акенин небере келинимин. Акемди сыйлаганбы, айтор ата-энемдер мени Бейшекеге бергенге макул болушуптур. Аюу-Төрдө жүргөндө аюулар менен аралашып эле жашагандай болдук.

Айылга келип, той бергендин эртеси эле Бейшекени аскерге алып кетишти. Үйдөгү оорулуу кайненемди багып, абышкамды туура 4 жыл күттүм. Мына өзүңөр көрүп тургандай 9 балалуу болдук, экөөнү жерге берип, калганынын амандыгын тилеп, чөбөрө кызыбызды күйөөгө узатып жатабыз», - деди Мээркан апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7235
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
rahatramzey
21:35, 20 апреля 2017
бактынар узун-узак болсун ата-апалар.кыргызда ,кыздары мыктылары уйду байбичеси башкарат-Курманжан даткадай,бираак азыркы заманда акыл кара чачтар чучактап азайып кетишти окшойт.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×