При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

«Эгиздер»: Бахтияр менен Элдияр дүкөнчүнү тамашага салышты (фото)

Turmush -  Ысык-көлдүк эгиздер Куланбаев Бахтияр менен Элдиярды көпчүлүк адамдар айырмалап биле беришпейт. Turmush басылмасынын кабарчысы эгиздердин бири Бахтияр менен маектешти.

эгиздер (4)

- Бахтияр мырза, экөөӊүздөрдүн мүнөзүңөр кандай? Айырмачылыктар барбы?

- Экөөбүздүн мүнөзүбүз ар башка. Мен жоошмун, эгизим болсо эптүү, шамдагай. Мындан тышкары, мен оң кол менен жазып, тамак ичсем, эгизим сологой жана анын бою менден узун.

- Бири-бириӊерди адамдар алмаштырып алган кызыктуу жана күлкүлүү окуялар көп болсо керек?

- Андай окуялар көп эле болду. Дүкөндөн бирөөбүз карызга майда-чүйдө алсак, анын акчасын бербей бири-бирибизди шылтоолоп жүрө берчүбүз. Бир күнү дүкөнчү эже карызды сурап, экөөбүздү бир жерден жолуктуруп калды. «Экөөңөр эгизсиңерби?» деп сурады. «Жок мен көлдүк, бул нарындык Каныбек деген бала, бирок чогуу иштейбиз» десем, «ушунча да окшош адамдар болот экен» деп таң калды. Азыр мен Чолпон-Атада жүрөм. Эгизим болсо Балыкчыда. Өткөн жумада балдар болуп шаарга бара жатып, Балыкчыдагы достор менен учураша кетели деп жолдон түшүп калдык. Бир ашканага кирсем ашпозчу эже алдымдан чыгып, «жеңил парың менен» деп айтып калды. Көрсө эгизим мен келгиче мончого кеткен экен. Дароо түшүндүм да, билмексен болуп «рахмат» дедим. Бир маалда эгизим Элдияр келди. Ал эже аябай таң калып, «туугансыңарбы?» деп сурады эле, баягы адатыбызды карматып, «жок мен көлдүкмүн, а бул нарындык болот» дедим. Ашпозчу эже ишенип алды.

- Жубайларыӊар тууралуу айта кетсеӊиз. Алар дагы эгиздерби?

- Эгиз болсо деп ойлочубуз, бирок андай болбой калды. Мен Токтогулдун, Элдияр Нарындын кызын алды. Экөөбүз эки жактан кыз алганыбыз менен, бир күндө аларды бир автоунаа менен алып келип, бирге той өткөргөнбүз. Учурда экөөбүз тең экиден балабыз бар.

- Ысымдарыңыздарды ким койгон?

- Аттарыбызды чоң энебиз койгон экен.

- Бирөөңөр алыста жүргөндө кыйналып же оорусаӊар, экинчиӊер ошону сезесиңерби?

- Андай учурлар мурун көп болчу. Мен ооруп айыкканда, эртеси эгизим ооруп калчу же эгизим ооруп айыкканда мен ооруп калчумун. Азыр андай эмес.

- Өзүңүздөр тууралуу кеп кылсаңыз?

- Эгизим экөөбүз 1988-жылы 17-июлда төрөлгөнбүз. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Богатыровка айылындагы орто мектепти, андан соң Каракол шаарындагы кесиптик лицейди чогуу окуп бүткөнбүз. Азыр экөөбүз тең адистигибиз боюнча иштеп жатабыз. Мен электрик-ширеткич, ал болсо сантехник болуп иштейт.

- Келечекке кандай максаттарыңар бар?

- Максатым — үй-бүлөм менен бактылуу өмүр сүрүү жана балдарыма татыктуу тарбия берүү. Ошондой эле, кудай насип кылса эгиз балалуу болгум келет.

- Ата-эне, бир туугандарыңар тууралуу айтсаңыз?

- Эки карындашыбыз бар. Экөө тең турмушка чыккан. Ата-энем айылда мал чарба менен алектенишет. Алардын колунда мен калам. Кудайга шүгүр, ата-энем жакшы тарбия берип өстүрүштү. Аларга ыраазымын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3275
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×