Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

«Мекендештер»: Америкада таксист болуп иштеген Бексултан кыргыз министрлерден көп эмгек акы алат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ош облусунун Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылынын тургуну Бексултан Салижан уулу.

Ал учурда АКШнын Чикаго шаарында такси кызматында айдоочу болуп эмгектенет.

«Ана-Кызыл айылындагы Өмүрзаков атындагы орто мектепти аяктап, Түркиянын Стамбул шаарындагы 29-май университетине тапшыргам. Ошол жерде окуп жүрүп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырып чыктым. 2016-жылы аталган окуу жайды бүтүргөндөн кийин англис тилин эң мыкты өздөштүрүү жана иштеп, ата-энеме жардам берүү үчүн Америкага келдим. Учурда Чикаго шаарында жашайм. Бул жерге жаңы келгенде досторумдун сунушу менен такси кызматына жумушка киргем. Негизи Чикагодо жашаган кыргыздардын 70-80%ы таксист болуп эмгектенишет. Эң кызыгы, студент кыргыз кыздар көп иштешет экен. Чынын айтсам, автоунаа айдаганды мурда жакшы билчү эмесмин. Ушул жерге келип үйрөндүм. Албетте, башында аябай кыйын болду. Өзгөчө шаардын картасын жакшы билбей кыйналдым. Кийин акырындык менен барын үйрөнүп, өздөштүрүп кеттим. Азыр кудайга шүгүр, ал кыйынчылыктар артта калды. Жумушум аябай жеңил», - деди ал.

Мекендешибиз англис тилин өнүктүрүү үчүн таксиге отурган кардарлары менен көп сүйлөшүүгө аракет кылат.

«Айлык маянаны иштегенибизге жараша алабыз. Тапкан акчабыз Кыргызстандагы депутат, министрлердин айлык акысынан көп болсо керек деп ойлойм. Бул жакта таксинин көп түрү бар», - деди ал.

Бексултан Кыргызстанга келип, жеке ишкана жана китепкана ачууну максат кылууда.

«Келечекте өз мекениме келип, жеке ишкер болом. Ошол эле маалда бул жактан топтогон тажрыйбамды эл менен бөлүшөм. Мындан тышкары жакшы китепкана ачкым келет. Себеби, өзүм да китеп окуганды жактырам», - деди мекендешибиз.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

«Менден улуу үч агам жана бир эжем бар. Баары тең үй-бүлөлүү болушкан», - деди ал.

Буга чейин айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, транспорт министри Жамшитбек Калилов жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов канча эмгек акы ала турганы белгилүү болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 25264
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
der19
09:52, 20 апреля 2017
Дипломду 3 жыл мурда сатып алган адамдар Министр болуп иштешуудо,Кыргызстанда айлык менен жашаган Министр олуп калат.
Нет аватара
nurbek77
08:30, 20 апреля 2017
министрлер айлыгы аз болгону менен бир эки тендер менен эле 50 жылдык айлыкты айылып коет
Көп окулду
×