При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык А. Бейшенбековдун сүрөттөрү АКШ, Европага чейин сатылат (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 54 жаштагы сүрөтчү Аскат Бейшенбековдун эмгектери Америка, Германия, Россия, Англия, Белгия, Молдавия, Түркия мамлекеттерине чейин сатылган. Аймактык кабарчы сүрөтчүдөн кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 32 жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенет. Бишкек шаарындагы С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын бүтүрүп, сүрөтчү-керамик кесибине ээ болгон. 1990-жылдан баштап эл аралык көргөзмөлөргө катыша баштаган. 2004-жылы Бишкек шаарында өзүнүн жеке көргөзмөзү өтүп, анда 35 сүрөт коюлуп, 28и сатылып кеткен.

Аскат Бейшенбеков сүрөттү барча кездеменин бетине тартат. 2005-жылдагы көргөзмөсүндө эң кымбат сүрөтү чет мамлекеттин сынчыларынын сыноосунан өтүп, Казакстанга 5 миң долларга сатылган. Ал эми, көлөмү жагынан эң чоң сүрөтүнүн бийиктиги 1,5 метр, туурасы 1 метр болгон.

«Бул ыкманын техникасы абдан татаал, көп эмгекти талап кылат. Бул ыкма менен сүрөт тарткандар жокко эсе», - деди ал.

Кездеме бетине тоолорду тартканды жактырат. Себеби Таластагы Кең-Кол өрөөнүнүн тоолоруна 15 жыл бою тынбай барып, тоолордун, сайлардын кооздугун жаттап калган. Сүрөтчүнүн тартуу ыкмасы - метофизикалык реалдуулук. Бул ыкмада сүрөттөр түш, аян аркылуу көрүлөт.

«Кең-Кол тоолорундай тоолор эч жерде жок. Сырткы кооздугу эле эмес, мен тоолордун ички кооздугун да көрсөткүм келет», - деди ал.

Сүрөтчү 1 уул, 2 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1407
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу