Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Террорист деп шектелген А.Азимовдун атасы дагы бир баласы кармалганын айтты (маек)

Turmush -  Санкт-Петербургдагы терактты уюштурууга шектелип 17-апрелде Одинцов районунда кармалган 26 жаштагы Аброр Азимовдун башка дагы бир шектүү Кыргызстандан кармалып, Москвага жөнөтүлдү. Ал Абрордун 28 жаштагы бир тууган агасы — Акрам Азимов. Бул тууралуу «Московский комсомолец» маалымдады.

Маалыматка караганда, бир тууган шектүүлөрдүн атасы Ахрал Азимов Москва шаарында жашап, автобус айдап иштейт. Анын бойго жеткен 4 уулу бар. Ал балдарынын терактка катыштыгы бар дегенге ишенбейт.

Ахрал Азимовдун айтымында, Абрордун кармалганын дүйшөмбү күнү сыналгыдан көргөн.

«Албетте, шок болдум. Кыргызстандагы мурдагы аялыма телефон чалганга аракет кылдым. Биз ажырашып кеткенбиз, 15 жылдан бери чогуу жашабайбыз. Акыркы убактарда сүйлөшчү да эмеспиз. Бирок, балдар экөөбүздүкү болгондуктан элдешүүгө туура келди. Мен андан 3-4 күн мурда биринчи уулубуз Акрамды да алып кетишкендигин уктум. Түз эле ооруканадан алып кетишиптир. Ал гайморит болуп дарыланып жаткан. Аялыма аны Москвага алып кетишкендигин айтышыптыр», - деди ал.

1377250.1.1492481274

Ахрал Азимов «Московский комсомолец» басылмасына өзүнүн уулдары жөнүндө чакан маек берген.

- Сиздин балдарыңызды Санкт-Петербургдагы терактты уюштурушкан деп жатышат...

- Бул жалган. Менин балдарым туура тарбияланган. Мен теракт жөнүндө жаңылыкты көргөндө жанкечти-акмак тозокто күйөт деп ойлодум. Анткени жазыксыз адамдардын өмүрүн кыюуга эч кимдин акысы жок. Акрам менен Аброр кумурскага да зыян келтиришпейт. Аларды мен тарбиялабай калганыма карабай, жакшы балдар болуп өсүштү. Менин бир туугандарымдын мага ичтери күйүшчү. Айтмакчы, мен Аброр кармалгандагы видеону көңүл коюп карап чыктым, куралды ага салып коюшкан деп ойлойм.

- Сиз балдарыңыз менен канча убакытта байланышып турчусуз? 

- 2 күн сайын телефондон байланышып турчубуз. Аброр арык болгондуктан мен ага «балам, жакшы тамак ич» деп айтчумун. Акрам экөө Одинцовдо чогуу сушист болуп иштешчү. Марттын аягында Акрам иштен чыгып кеткен. Жетекчилик менен келише албай калыптыр, анын ордуна башка адам алышкан. 28-мартта Акрам үй-бүлөсүн көрүп, ооруп жаткан мурдун дарылатуу үчүн Кыргызстанга кеткен. Аброр да жакында мекенине кетүүгө камынып жаткан, таенеси каза болгон болчу. Ал мындан тышкары, аялын жана 3 жаштагы майып кызын көрүп келейин деп жаткан.

Азыр ал качандыр бир убакта Түркияга барып келиптир деп жатышат... анын чет өлкөлөргө жарай турган паспорту (жалпы жарандык паспорт) жок болчу. Ал мага калп айтпайт болчу.

- Балдарыңыз экстремисттик ойлорду айтышчу беле?

- Сиз эмне?! Аброр тынч жүргөн, токтоо бала. Эртеден кечке иште болчу. Эч кандай мечиттерге барчу эмес. Менин балдарым азыр кайда экенин билбейм. Мен Лубянкага барып, издөөгө арыз жаздым. Мага болсо 14 күн жооп күтүңүз деп айтышты. Эми ыйлап жүрөм. 2012-жылы инфаркт болгом. Кант диабетим көтөрүлүп, өзүмдү жаман сезип жатам. Мурдагы аялымдын кан басымы көтөрүлүп жатат. Эми бири-бирибизди телефондон сооротуп жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8308
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×