Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Түндө Өзгөндөгү 23 үйдү сел каптап, мал-жандыктарды агызды

Turmush -  Бүгүн, 19-апрелде түнкү саат 03:30 чамасында Өзгөндүн Жылалды айылындагы Жылан-Сай каналынан суу ашып, үйлөрдү каптады, деп билдирди ӨКМ.

Маалыматка караганда, каналга таштандылар толуп, сел суулары батпай калган. Сел суусу 23 турак жайды каптап, мал-жандыктарды агызган. Адамдар жабыркаган жок. Айылга райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн жетекчилиги жана куткаруучулар жардамга барышты. Куткаруучулар керектүү буюмдарды үйлөрдөн чыгарып жатышат.

Учурда суунун деңгээли тартылып, тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6382
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×