При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

ИИМдин 9-башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурунку орун басары А.Акжоловдун мародерлукка тиешеси жок, - туугандары (видео)

Turmush -  ИИМдин 9-башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурунку орун басары, полковник Абдували Акжоловдун жакындары бүгүн, 18-апрелде АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөрүштү. Алар Абдували Акжолов учурда Аксы районундагы Кызыл-Жар айылындагы психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасында жатканын, абалы оор экенин айтышууда.

А.Акжолов 2010-жылдагы мародерчулукка күнөөлөнгөн. Кийин эркиндикке чыгып, 2015-жылы баңгизат менен кармалганы маалымдалган. Ошол эле жылы Чүй облустук сотунун имаратын өрттөп, ишке байланыштуу материалдарды уурдоого мародерлукка айыпталгандар буйрутма бергени айтылган. Анда да Абдували Акжоловдун аты аталган.

Бирок, анын туугандары булар жалган жалаа экенин, ал атайын каралоого кабылганын айтышты.

«Мародерлорду жоопко тартуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев өзү органдарга тапшырма берген. Ошондон кийин бизде үмүт болду. Авдували азыр ооруканада жатат. Ал тарткан азапты Гитлердин концлагерине колго түшкөндөр да тарткан эмес. Буга чейин мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановду өлтүрүүгө жана талап-тоноочулукка тиешелүү деп соттошкон. Гезиттерде Абдували Акжаловдун 2010-жылдагы талап-тоноого тиешеси жоктугун жазып чыгышкан. Бирок, Текебаевдин жалданма соттору ага маани берген жок. Абдувалинин үйүндө курал-жарак чыкты деп да айтышты. Жалааны жабам десе оңой эле экен. Ал ошончо жалаа менен ушул күнгө чейин келе жатат. Президентке мародерлор боюнча кылмыштарды көзөмөлгө алганына ыраазычылык билдиребиз. Чыныгы күнөөлүүлөр жооп бериши керек», - деди бир тууганы Абдыкадыр Акжолов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1271
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Jaizer
05:40, 19 апреля 2017
-Кыянат-
Ата-Мекенчилердин чубалган былыктары
2010-жылдын апрель айында жүз берген талап-тоноочулукка «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн катыштыгын териштирүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ЖКнын трибунасынан, маалымат каражаттарынан байма-бай маалымат берилип турду. Ошого карабастан кызыкдар партиянын адамдары укук-коргоо тармагындагы маанилүү кызматтарды мыкчый олтуруп, өздөрүнө чан жугузбай бири-бирин ушул күнгө чейин коргоп келишүүдө…
2010-жылдын, 7-10-апрель күндөрү милициянын полковниги Акжолов Абдували Жолдошевич өз кызматына ылайык милдетин аткарып жатканда, ага А.Юсупов “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн көрсөтмөсү менен качып кеткен К.Бакиевдерге тиешелүү мүлктөрдү чогултуп берип жатышкандары жөнүндө:“Бул мүлктөр убактылуу жайга жиберилип, стабилдүүлүк орногондон кийини мамлекетке өткөрүлүп берилет дешти” - деп маалымат менен кошо мүлк топтоо аракеттери тартылган видеоматериалдарды берген. Алынган маалыматтарды талапка ылайык ИИМдин министри Б.Шерге, А.Акжолов маалымат берет. “Бул иштерге сен кийлигишпе!..” – деп кыйыткан Б.Шер, ИИМдеги 9-башкармалыкты жоюп жиберип А.Акжоловду жумуштан четтеткен. Кийин Ош коогалаңы орун алганда бул башкармалык зарыл болуп, А.Акжолов кызматына тикеленип кан күйгөн Ош шаарына жиберилет. Дагы бир атамекенчи К.Байболов ИИМ министри болуп келгенде, алардын былыктарын билген А.Акжоловдон кутулуу жолдорун издеп башкармалыкты кайрадан жоюп салган. Кийинки министр З.Рысалиев башкармалыкты башка аталышта кайра түзүп, А.Акжоловду орун басарлыкка дайындайт.
2011-жылдагы Президенттик шайлоонун алдында атамекенчилер, Бакиевдердин мүлкүн Өкмөткө өткөрүп бериштин ордуна, мародёрлугун билген адамдарга караөзгөйлүк менен ар кандай кылмыш иштерин таңуулап, күч колдоно башташат. Атамекенчилердин араанын ачкан көрсөтмөсүнө каршы кысмакка алып: “А.Акжолов уюштурган..”- деген көрсөтмөн\ кыйноого алып бердиришкенин А.Юсупов белгилеген. Атамекенчилер жандалбастап жайган торуна ИИМдин полковниги Акжолов Абдували Жолдошевич чалынганы тууралуу маалымат каражаттарына чагылдырылды жана тиешелүү инстанцияларга доо-арыздар жазылды. Ошондогу ЖКнын депкомиссиясынын төрагасы К.Осмонов, талап-тоноочулукка А.Акжоловдун тиешеси жок деп, маалымат каражаттарына билдирген. Өз айыптарын жабуу аракетинде А.Акжоловго инкриминацияланган айыптарды таңуулап, маалымат каражаттары тарабынан негизсиз айыптоолор жана куру жалаа менен анын адамдык ар намысына шеек келтирген маалыматтарды таратып турушту. Артынан эч нерседен кайра тартпаган душмандары кылмыш ишин козгой турган шылтоо табалбай жүргөнүн билген адам, кайра-кайра кылмыш ишин жасайбы?...
Ойдон чыгарып козгогон кылмыш иштерди мойнуна коюу максатында карөзгөйлүк менен ур-токмокко алышып, канча жолу кыйноолорду башынан өткөргөн полковник күнөөсү жок болгондуктан башкалардай чет жакка качып кетпей жүргөндө, 2015-жылда жасаган мыкаачылыктары анын ден-соолугуна орду толгус зыян келтирди..
Сөзүбүз куру болбошу үчүн, эмгек жолун катардагы ыкчамдатылган кызматчыдан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдеги башкы кызматтарга ак мээнети менен жеткен Абдували Акжоловдун аракети менен Кытай мамлекетинде издөө салынган эки жараны жөнөтүлгөн. Кытай бийлиги ыраазычылык иретинде 130 даана автоунаа жана криминалдык иштерди иликтөөчү техникаларды тартуулашкан. 2003-жылы Кочкор районунда мыкаачылык менен 21 адам өлтүрүлүп, кийин автобусу менен бирге өрттөп жиберилген жапайы кылмыштын бетин ачууда өз кызматкерлери менен күнү-түнү чуркап иш алып барган. 2005-жылдагы март окуялары орун алып жаткан учурда Жалал-Абад шаарында кан төгүүгө алып келүүч окуяларга оперативдүү маалыматтардын натыйжасында бөгөт коюшкан ж.б. ушул сыяктуу алгылыктуу иштеринин тизмеги узун.
Жергебиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн деп, өз кесибин сүйгөн Абдували Акжоловго 2011-жылдан бери караөзгөйлүк менен өздөрү жасаган кылмыштарын мойнуна алсын деген тынымсыз аракеттерди көрүшүү менен “мойнуна алып берсе, биз жардам беребиз”- деген ыплас сүйлөшүүлөргө жана коркутууларга батынып келе жатышат...
2011-жылдын 8-август күнү Акжоловду шектүү катары кармашып кысмакка алышат. Белгилей кетчүү нерсе, В.Тян жана анын шериктештери боюнча 2010-жылы Убактылуу Өкмөттү басып алуу аракетин көрүшүп акча тараткан жана автоунаасы уурдалган боюнча кылмыш иши териштирилгенине карабастан бир жылдан кийин атайлап А.Акжоловго кылмыш ишин козгошот:

Ойдон чыгарылган айып-тагууларда жабырлануучу деп эсептелген Тян

Владимир 9-августта арыз жазганы тергөө учурунда аныкталат. “Адам эле болсо, а статья табылат” – дегендей, бир күн кийин жазылган арызга ылайык В.Тян 10 млн. сом акчасын күч менен тартып алган деп күнөөлөйт. Тергөө учурунда Тян түздөн-түз акчасын ким алганын, канча акча экенин так айта алган эмес. Тяндын баласынын: “7 млн. сом акчаны бир баштыкка салып бергем” – деген көрсөтмөсү, эксперттик текшерүү учурунда жалган болуп чыгат. Анткени ал суммадагы акча бир баштык эмес, эки баштыкка да батпай калат…

Ушул сыяктуу инкриминацияланган айып тагуулардын бири ошол кезде

киши колдуу болуп өлгөн Нарын облусунун губернатору Чекиевдин өлүмүнө шектүү делген, айып тагышат. Экс губернаторду чыныгы өлтүргөн адамдар табылгандан кийин Акжоловдон кечирим сурап да коюшкан эмес...

УӨтүн мүчөсү Э.Каптагаевдин буйругунун негизинде ошол кездеги муфтий

М..Жумановду кызматтан кетиришип, белгисиз адамдардын кордугуна кабылган окуяны А.Акжоловго жармаштыра салышканы менен бул ишке да тиешеси жоктугу ачыкталган..
Ушул сыяктуу айып тагуулар менен тарткан азабын айтып олтурса детектив чыгармалары да ат чабым артта калат…
2016-жылдын 31-авгусутунда Президент А.Атамбаевдин кеч да болсо атамекенчилердин анык жүзүн түшүнүп, мародерчулуктун бети ачылаарын калайык калк алдында жарыя салганы, бизди А.Акжоловдун жакындарынын үзүлүп бара жаткан үмүтүнө жарык чачты. Ошол кезде, тутумдашкан атамекенчилер жана алардын тарапташтары маанилүү кызматтарда олтуруп алышып, бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн бейкүнөө адамдарды сыздатып, жасалма кылмыш ишин уюштуруу боюнча тажрыйбасы мол экенин далилдешти.
А.Акжоловду ак жерден күйгүзгөндөрдүн азабын тартып, уулунун актыгын далилдейм деп доо-арыз менен кайра эле ошол чөйрөгө кайрылган пенсиядагы атасы Акжолов Жолдош кайгыдан көз жумду.
2011-жылдан бери талап-тоноочулукту “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү жасаганы тууралуу кайрылган доо-арыздардын бирөөсүнө да жооп ала албай келе жатабыз. Анткени, ошол эле ген.прокурор А.Салянова, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары К.Турганбеков, Президенттин аппарат жетекчиси Д.Нарымбаев, Ө.Текебаевдин жана алардын кызыкчылыгын коргогон биз билбеген кызматкерлер дагы доо-арыздарыбызды жылдырбай жаткан деп эсептейбиз! Белгилей кетчү нерсе, Аламүдүн сотундагы узак мөөнөттөгү териштирүүлөрдө сот чечим кабыл алаар күнү Т.Мадылбеков менен Р.Төлөгөнов сот залына адамдары менен келип алышып, сотко басым жасап тынымсыз “өйдө” жактагы телефон чалуулар болуп түнкү саат 22лер чамасында алар каалаган чечимди кабыл алдырышкан...
“Ак ийилет – бирок сынбайт” – дегендей атамекенчилер жана анын башчысынын сценарий менен жабыр тарткан Абдували Акжолов жана анын жакындары, акыры чындык чыгып, биздин үнүбүз да угулаар деген үмүттөбүз.
Апрель талап-тоноолоруна А.Акжолов катыштыгы жок, анткени ал маалыматты гана билген жана өз убагында талапка ылайык Ички иштер министри Б.Шерге билдирүү менен кайрылган. Демек, ал өз кызматын так аткарган, ал эми Б.Шер жана анын шериктештери, жыйналган мүлктү Өкмөткө өткөрүп берээр ниетинен кайтканы үчүн А.Акжолов күнөөлүү деп табылышы эмне деген мыкаачылык?. Ошондуктан Өкмөткө өткөрөбүз деп Юсупов топтогон кошуунга алдоо жолу менен мүлк жыйнатып, өздөрү байып алган Ата-Мекен партиясынын белгилүү мүчөлөрү жана алардын кызыкчылыгын коргогондорду тескеген, көзөмөлгө алчу жан бар бекен?
А.Акжолов талап-тоноочулукка тиешеси жок болгондуктан жана аны эптеп күнөөлүү деп табуу аракетинде бир канча кылмыш иштерин жабыштырганы менен ал кылмыш иштерге башкалардын катыштыгы ачыкталса да, анын Адамдын ар-намысына шек келтирип кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган “заказ” аткаргандарды тыкыр иликтеп берүүнү жана жоопко тартууну суранабыз!
А.Ажоловду 2015-жылдын 4-5-июньга караган түнү кармоо учурунда күбөлөр(понятой) андан эч кандай баңги зат чыкпаганын белгилешкен кол тамгалары менен Акт турса да ыйманын жеп бийликте турган Ата-мекенчилер ага жалаа жабышты! Мыкаачылык менен ГСКНдин кызматкерлери тарабынан айосуз ур-токмокко алынып, ден соолугуна орду толгус зыян келтирип, психикасынын жабыркашына алып келген зөөкүр кызматкерлер канчага чейин тайрандашат?
Акырында айтаарыбыз, ошол кезде бир топтун кызыкчылыгын коргоп олтурган кызматкерлер жана алардын жол көрсөтүүчүлөрү “А.Акжолов, Березовскийди өлтүрүүгө да катыштыгы бар!” – деген күнөөнү тагуудан да кайра тартпай турушту. Себеби, өздөрүнүн уурулугун, Бакиевдин мүлкүн тартып алган изин жаабуу далаалатын 7 жылдан бери көрүп, катардагы кыргыз жаранына колундагы бийликтин күчүнө салып кордук көрсөтүп келгени ачыкталып жоопко тиешелүү жазасын алаар бекен?

Отставкадагы полковник Абдували Акжоловдун бир тууганы, Абдыкадыр Акжолов, жакындары, Акжоловду Коргоо комитетинин мучолору

05:33, 19 апреля 2017
http://www.vb.kg/doc/197839_abdyvali_akjolov:_maroderami_ypravliali_chleny_ata_mekena.html
Нет аватара
Jaizer
05:32, 19 апреля 2017
http://erkindik.ru/news/show/3521/
Нет аватара
Jaizer
05:31, 19 апреля 2017
http://www.delo.kg/index.php/2011-08-04-18-06-33/10740-ugolovnoe-delo-marodjorov
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×