Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Массалык уулануу: Базар-Коргондо кыз узатуу тоюнан кийин 22 адам ууланып, ооруканага түштү (толукталды, фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 22 адам уулануу белгилери менен аймактык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Жалал-Абад шаардык санэпидкөзөмөл борборуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркагандар 15-апрелде кыз узатуу тоюнда болуп, сапатсыз даярдалган салаттан ууланышкандыгы аныкталган.

Эки күн өткөндөн кийин 17-апрелде 8 жабырлануучу ооруканага кайрылган, алар жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. 18-апрелде ооруканага дагы 14 адам тамакка уулануу белгилери менен кайрылган. Жалпысынан саат 11:30га карата 22 адам ооруканага түшкөн.

«Эки жабырлануучунун абалы орто оор, калгандары канааттандырарлык абалда. Баарына медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Дары-дармектер жетиштүү», - деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде териштирүү иштери жүрүүдө.

Базар-Коргон аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Батырбек Субанкулов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, Могол айыл өкмөтүнүн Правда айылынын тургуну 15-апрелде өз үйүндө той өткөргөн. Тойдон кийин тургундар тамак-аш, салаттарды целлофан баштыкка салып, өз үйлөрүнө алып барып тамактанышкан.

Андан улам кечээ, 17-апрелде саат 09:00дөр чамасында тамактан уулануу белгилери менен аймактык ооруканага бир нече адам кайрылган. Учурда уулануу белгилери менен ооруканада 22 адам дарыланууда. Ууланган адамдардын экөө тойго конок болуп барган Бешик-Жон айылынын тургундары болсо, 20сы Правда айылынын тургундары болгон.

Маалым болгондой, Правда айылынын тургуну Калиев Жаныбек кыз узатуу тоюн өткөргөн. Ал кызын Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылына узаткан.

Акыркы маалыматтарга караганда, тамак-аштан уулангандардын саны 23кө жетти.

Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөн Жоробаевдин айтымында, ууланган 23 адамдын сегизин жаш балдар түзөт.

Учурда ооруканада жаткан жарандардын экөөсүнүн абалы орто, калгандары уулануунун жеңил түрү менен жатышат.

«Баарынын абалы жакшы. Дарыгерлер тобу Правда айылына чыгып кеткен. Алар айылдыктарды кыдырып, күмөндүү делгендерди ооруканага жиберүүдө. Ал эми ооруканада жаткандардын кускандары токтогон, баарынын абалы туруктуу», - деди ал өз сөзүндө.

Анын маалымдоосунда, кыз узатуу тоюнда конокторго салаттын 2-3 түрү коюлган. Тойго 500гө жакын адам катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4946
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×