Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баткен

Улуу Жеңишке 72 жыл: Кадамжайлык Шамши ата Ч.Түлөбердиевдин дзотко төшүн тосконун өз көзү менен көргөн (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө жашаган согуштун 95 жаштагы ардагери Шамши Эшбаев согуш маалында Чолпонбай Түлөбердиевдин дзотко төшүн тоскон эрдигин өз көзү менен көргөн. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Шамши атанын өзүнүн айтымында, 1941-жылы аскерге чакырылып, 1942-жылы Воронеж шаарында согуш майданына кирип, Украинанын борбору Киевди, Белоруссиянын борбору Минскти, Румыниянын борбору Бухарестти, Венгриянын борбору Будапештти жана Венаны, Праганы душмандардан бошотууга катышкан.

1

«Чолпонбай 1-ротада, мен 2-ротада элем. Ошол күнкү салгылашта 200 жоокердин көбү октон оор жарадар болуп, бири колунан, бири бутунан ажырап оор абалда калганбыз. Ошондо Чолпонбай Дон дарыясынан сүзүп өтүп, дзотко көкүрөгүн тосуп, биздикилерге жол ачып берген. Ошол кармашта мен башымдан, бутумдан оор жаракат алып, дарыланып, кайрадан майданга кирдим. Улуу Жеңишти Грац шаарында тостук», - деди ал.

Ардагер буга катар эле согушка аттанганда атасы да аны менен кошо чакыртылганын, бирок анын жашы өтүп кеткендиктен кайра артка кайтарылганын белгиледи.

«Атам мени менен бирге согушка жөнөгөн эле. Жашынын өтүп калганына байланыштуу Айдаркенге оорукта иштөөгө кайтарылган. Энеме кат жазганымда «кыйынчылык жок, кээде гана ок атылат дечүмүн. Чынында анда өчө ачуу, каардуу согуш болгон. Жамгырдай жааган октон чанда гана киши тирүү калчу. Мен аскер бөлүктүн командири болуп, жалаң ок атып жүргөнүмдөн гана тирүү калдым. Курский Дугадагы салгылышка 80 жоокер барып, үчөөбүз гана аман калганбыз. Ошол эрдигибиз үчүн «Кызыл жылдыз» ордени берилген», - деди ал.

Шамши ата согуштан келгенден кийин 55 жыл мугалим болуп эмгектенген.

Тема боюнча:

06.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Таластык ардагер А.Садыров согуш талаасында 3 жыл салгылашкан (фото)
06.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: М.Ысманов согушка агасы жана иниси менен аттанып, жалгыз кайтып келген (фото)
09.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Согуштун жүзү курусун, - ардагер С.Жолдубаев (фото)
09.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: «Жеңишке жеттик!» деген сөздөр жазылган гезитти 95 жаштагы ардагер В.Коваленко 71 жылдан бери сактап келет (фото)
09.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Таластык ардагер О.Кушубаков согуштан оор жарадар болуп келген (фото)
10.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Ардагер Ж.Жунусбеков согуш маалында кыштын чилдесиндеги 3 күн бою сууда калган (фото)
11.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Таластык ардагер И.Жанкорозов согушта 13 жолу жаракат алган (фото)
11.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Түптүк ардагер И.Кыдыралиев согушта 3 бир тууганын жоготкон (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9620
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×