Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Таш-көмүрлүк 27 жаштагы Мээрим Германияда качкын өспүрүмдөргө немис тилин үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында өскөн 27 жаштагы Мээрим Каныбек кызы. Ал учурда Германиядагы Гамбург университетинде окуйт. Окуудан тышкары чет элдик качкын өспүрүмдөргө немис тилинен сабак берет.

«Германиянын Гамбург шаарындагы Гамбург университетинде окуганыма 4 жылга жакындап калды. Буйруса бул окуу жайды бүтсөм мугалим болуп чыгам. Германияда окуу немистердин өздөрү үчүн да оңой эмес. Ал эми, бизге окшогон чет элдик студенттерге андан бетер оор. Себеби, өзүбүздү өзүбүз каржылашыбыз керек. Мен үч семестрди атайын чет өлкөлүк студенттерге артыкчылык үчүн берилүүчү стипендия менен окудум», - деди ал.

М.Каныбек кызы Таш-Көмүрдөн 11-классты бүтүргөндөн кийин Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги педагогика факультетинин англис тили бөлүмүнө кирген.

«4 семестр окугандан кийин программа менен Гамбург шаарына келдим. Андан соң тил үйрөнүп окууга өттүм. Мугалимдик кесипке абдан кызыгам», - деди мекендешибиз.

Ал Германияга барган учурда көп нерсеге таң калганын кошумчалады.

«Кыргыз элибиз ата-тегине, басып өткөн тарыхый жолуна көп басым жасашат. Ал эми, немистерде андай эмес. Алар өтө пунктуалдуу, тазалыкты бекем сактаган элдер. Мамлекети абдан өнүккөн. Көп улуттун элдери жашайт. Мен бул жерге келгенден баштап азыркы учурга чейин көп нерсеге таң калам. Мисалы, немистер аябай толеранттуу, жөнөкөй, адилеттүү жана ар дайым жардамга даяр келишет. Мындан тышкары, берешен эл болушат, бардык нерсени рационалдуу колдонууга аракет кылышат. Мисалы, жөнөкөй эле акыр-чикирди да бөлүштүрүп, аларды кайра колдонууга даярдашат же алардан бир пайда көрүүгө аракет кылышат», - деди ал.

М.Каныбек кызы Кыргызстанга келип, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошууну көздөйт.

«Мен окуган Гамбург университети 1919-жылы негизделген. Учурда 40 миңден ашуун студент окуйт. Германиядагы эң чоң окуу жайлардын бири. Немистер билимге жана тарбияга өзгөчө маани беришет. Келечекте Кыргызстанга барып, билим берүү тармагын өнүктүрсөм дейм. Жаш муунга туура жана пайдалуу билим берсек өлкөбүздүн келечеги жаркын болот», - деди ал.

Мекендешибиз өзүнүн окуп жаткан кесибине байланыштуу көптөгөн жумуштарда эмгектенген.

«Азыр бул жакка качкындар көп келип жатышат. Ал баарыбызга маалым. Окуудан тышкары жашы жете элек качкын балдарга, кыздарга немис тилинен сабак берип да иштейм. Университетте стипендия алганга чейин келечектеги кесибиме байланыштуу көп жумуштарда иштедим. Бул биринчиден өзүмдү материалдык жактан камсыздоо, экинчиден баалуу тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк болду», - дейт ал.

Мээрим үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу.

«Эки иним жана бир сиңдим бар. Инилерим жогорку окуу жайларды бүтүп, иштеп жатышат. Сиңдим мектепте окуйт. Ата-энем экөө тең инженер. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүрүшкөн. Өздөрү да студент кезинде көп өлкөлөргө чыгып, өндүрүштүк практикадан өтүшкөн. Ошондуктан алар мени жакшы түшүнүп, колдоо көрсөтүп келишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9144
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×