При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Санкт-Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген Россиянын жараны А.Азимов кыргызстандык болгон, - ЖМК

Turmush -  Дүйшөмбү күнү Подмосковьеде Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарындагы метродо терактты уюштурууга шектелген Россиянын жараны Аброр Азимовду кармады.

«Коммерсант» басылмасынын маалыматына караганда, аны өзүн-өзү жардырууга шектелген Акборжан Джалиловдун телефонундагы контакттарын текшерүү учурунда аныкташкан. Шейшемби күнү жаңы фигурантка сот баш коргоо чарасын чыгарат. Анын мурда кармалган тарапташтарына тергөөчүлөр расмий айыптоолорду койгону жатат. Алардын жактоочулары Россиянын тергөө комитетинин борбордук кеңсесине чакырылышты.

Аброр Азимовду Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Подмосковьенин Одинцов районундагы темир жолдун жанынан кармашкан. 3-апрелдеги метродогу теракттан кийин Азимов ижарага алган батирге келбей, өзүнүн телефондорун жок кылган. Ал терактка катышы бар деп шектелип кармалган Садык Ортиков жана Шохиста Каримова сыяктуу эле Минск шоссесиндеги «Лесное» кафесинде иштегени жана ошол айланада жашаганы белгилүү болчу.

Бир нече күндөн бери изделип жаткан Азимов дүйшөмбү күнү бир нече жаңы телефон жана сим-карталарды алган. Сим-карталардын бирин иштетип, өзүнүн кайсы жерде экенин билдирип койгон. Азимов кармалган учурда жанынан Макаров тапанчасы табылды. Аны эмне үчүн кармап жатышканын да биле турганын айткан.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Аброр Азимов Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон теракттын уюштуруучуларынын бири.

Россиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко кармалган адам кылмышка катышуучу экендигин, бирок анын ролу тергөө тарабынан аныкталып жаткандыгын билдирди. Азимовду кармагандан кийин Россиянын тергөө комитетине суракка алып келишкен. Шейшемби күнү Басман райондук сотунда аны камоо жөнүндө билдирүү берүүнү пландоодо.

Улуту өзбек А.Азимов жардырууда каза болгон А.Джалилов сыяктуу эле Кыргызстандын Ош шаарында өскөн. 2013-жылы Кыргызстандын жарандыгынан баш тартып, Россиянын жарандыгын алган. А.Джалилов дагы Россиянын жараны болгон.

«Ъ» басылмасына айыпталуучулардын биринин жактоочусу ал шейшемби күнү тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Россиянын тергөө комитетине келиши керектиги жөнүндө телефонограмма алгандыгын билдирген.

Анын айтымында, Азимов менен бетме-бет көздөшүү болуп, андан кийин расмий айып коюлушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6211
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×