При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Баткендик Х.Абдырахманова кызы экөө килем согуунун жаңы түрүн ойлоп табышкан (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Булак-Башы айылынын тургуну Хуриниса Абдырахманова жүндүү килемдердин түрүн согот. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Анын айтымында, бир топ жыл мурун кызы килем токуунун жаңы түрүн ойлоп тапкан.

«Биз илгертеден эле килем токуп келебиз. Жүндү тыткандан соң ийрип, андан кийин сого баштайбыз.

Бир күнү кызым «апа, жүндү ийрибей эле согуп көрбөйлүбү» деп согуп калды. Карасак башкалардыкына караганда өзгөчө болуп, кайсы жаныбардын элесин түшүрсөң даана көрүнөт экен. Ал убакта кызым 7-класста окуп жаткан. Азыр 25 жашка чыгып калды. Бул килемди 10 жылдан бери согуп келе жатабыз», - деди ал.

Хурниса айым өз айылында «Байчечекей» чеберлер уюмун түзүп, 16 аялды жумуш менен камсыз кылган. Жолдошу сүрөтчү болгондуктан килемге түшүрүүчү сүрөттөрдүн баарын тартып берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1702
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу