Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кеминде 3 унаанын кагышуусунан каза болгон 6 адамдын аты-жөнү

Turmush -  Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Кемин районундагы тилкесинде 3 унаанын кагышуусунан каза болгон 6 адамдын аты-жөнү такталды.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалыматтар боюнча, кырсык унаа жолдун 97-чакырымында кечээ, 13-апрелде саат 18:30 чамасында болгон. Унаалардын бири — «Мерседес-Бенц Спринтер» (мамномур Ы 0538 AX) чыгыштан батышты көздөй 1989-жылы туулган Турсуналиев Бакыт Шабданалиевичтин башкаруусунда бара жаткан. «Хонда Одиссей» (мамномур 01 KG 195 ААJ) унаасын Нарындагы Ата-Башы районунун 1989-жылы туулган тургуну Султанов Адилет Үсөнбекович башкарып бара жатса, «Тойота Хайландер» (мамномур 05 KG 749 AAA) унаасы ат-башылык 1957-жылы туулган Жунусов Зарылбек Назаевичтин башкаруусунда болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Мерседес-Бенц Спринтер» жана «Тойота Одиссей» унаалары бир багытка, «Тойота Хайландер» унаасы аларга каршы багытта жүрүп бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:

- «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу Б.Ш.Турсуналиев;

- жүргүнчүсү — Токмок шаарынын 1964-жылы туулган тургуну Исраилов Эдилек Нурбекович;

- «Тойота Хайландер» унаасынын айдоочусу З.Н.Жунусов;

- жүргүнчүлөрү — Ат-Башы районунун 1960-жылы туулган тургуну Сариева Шайгүл Аблабековна;

- Нарын шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Сариев Нурбек Абылабекович;

- Нарын шаарынын 1979-жылы туулган тургуну Медерова Тумар Дүйшөнкуловна.

Жаракат алгандар:

- «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусунун жүргүнчүсү Сазанов Адилет Касымбекович, (1987-жылы тулуган, Токмок шаарынын тургуну);

- «Тойота Хайландер» унаасынын жүргүнчүсү Жакыпова Нурай (1977-жылы туулган, Нарын шаарынын тургуну);

Ар кандай деңгээлдеги жаракат алган жабырлануучулар Кемин аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9937
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×