Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Баткен

Элдик уламыш: Александр Македонскийден качкан Кожо ата Баткендеги Мазарда жашаган (фото)

Turmush -  Баткен районуна караштуу Сай айылындагы Мазар аймагына көп адамдар зыяратка келишет. Аймактык кабарчы анын таржымалын тактады.

Элеттин тургуну Арап Жусуповдун айтымында, илгери бул жерге Кожо ата деген адам келип жашап калат. Кожо атанын айылга келип калышы боюнча 2 уламыш айтылат. Биринчи уламыш боюнча, ал ислам дини жаңы тарай баштаган учурда араптардан качып келген. Экинчиси боюнча, Александр Македонскийдин качып келген.

Кожо ата көп нерселерди алдын ала билген адам болот. Сай айылынын эли үчүн көп пайдасы тиет. Дарты барлар айыгып, балалуу боло албай жүргөндөр балалуу болгону  айтылып келет. Кийин аны душмандары таап келгенде ошол аймактагы үңкүргө кирип кетет. Үңкүрдөн бир жума өтсө да чыкпай коет. Акыры душмандары үңкүргө кирсе Кожо ата ал жерде жок болуп чыгат. Кийин ал жашаган аймак Мазар деп атала баштаган. Бул жакка азыркыга чейин адамдар келип зыярат кылып турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3759
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×