Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуСокулук району 02.03.2017 09:21

Элдик уламыш: Сокулук районунун аталышы байыркы согдулуктардын атынан келип чыккан (фото)

Turmush -  Сокулук районунун аталышы байыркы замандагы согдулуктардын атынан келип чыгышы мүмкүн. Бул боюнча Сокулук районунун мурдагы акими Аманкан Кенжебаев аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, биздин замандын биринчи кылымында эле Жети-Сууга жана Чүйгө иран тилиндеги уруулар, оазистер, согдулуктар келе баштайт. Ошону менен катар V-VII кылымдарда согдулуктар Сокулук суусунун жээгиндеги өрөөнгө жайгашкангы белгилүү болгон.

«Кыргызстандын байыркы тарыхын изилдеген окумуштуулар Бартольд, Бернштам, Аристов, Абрамзондун Сокулук өрөөнү боюнча аргументтүү эмгектери бизге белгилүү. Бул жерде каналдын багыты байыркы аты белгисиз шаардын соода өнөр жайына жакын жерди кесип өтүп, V кылымдан XII кылымга чейинки бир нече доорду камтыганы да белгилүү. Ошондон улам Сокулук шаарчасы байыртадан эле өтө кеңири тараган кол өнөрчүлүктүн борбору болуп келгенин айтып келишет», - дейт экс-аким.

А.Кенжебаев согду колонизация учуруна туш келген коллекциялар негизинен Сокулук суусунун сол жээгиндеги байыркы конуштун VI-VIII кылымдардагы түрк-согду катмарынан көп сандаган табылгалардын арасында статуэткалардын сериясы табылганын баса белгиледи.

«Алардын ичинен 1-2 статуэтка өзгөчө. Ал статуэткаларда шынаа сымал сакалы бар абышканын ар кандай даражада деталдаштырып берилген сүрөтү бар. Бул идиш кыпкызыл бышырылып, бети күрөң түстө жалтыратылган, шамот кошулган чоподон чапталып жасалган, формасы кумарага окшош, тукуму томолок, мойну цилиндр түрүндө болгон. Ошол эле маалда бул идиш Сокулук аймагына Согдудан эмигранттар катарында келген согдулуктардын бейнеси берилген деп болжолдоого болот, деп окуумуштуулар айтып жүрүшөт. Дагы бир табылга — Сокулук шаар чалдыбарынан согду катмарынан табылган адамдын бет түспөлүнүн сүрөтүн түшүрүп ала турган штамп. Бул штамптагы сүрөттөн сасанилик падыша Каваддын портретин көрүүгө болот. Бул окшоштук анын физиономиялык өзгөчөлүктөрү — муруту, кыска кыркылган сакалы Качаддын тыйындарындагы сүрөтү менен дал келди. Бул сасанилик падышанын портретин эске алсак Сокулук жергесинин аталышы дагы согдулуктар менен байланышы бар экендиги тарыхый чындыкка такалып атпайбы. Чын эле штампта Кваттын портрети болсо, анда штамптын датасын V кылымдын аягы менен (Кавад б.з. 488-531-жж падышалык кылган) белгилөөгө болот», - дейт ал.

Ошондой эле, ал Сокулуктун аталышындагы биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын экинчи жарымында дыйканчылык маданияты Чүй өрөөнүндө гүлдөө мезгилин башынан өткөрүп, ага Согдаддан келген дыйкандардын таасири тийгендиги менен байланыштырса болот деп кошумчалады.

«Кыргыздардын байыркы дан эгини – таруу жана конок болгон дешет. Кийин эле буудай, арпа өстүрө башташкан экен. Дан оруп-жыйып, кырманга бастырып, кийин казанга кууруп, сокуга жан чык акташкан. Соку кыргыздын чарбачылыгында көбүрөөк колдонулган. Кээ бир уламышта Сокулуктун аталышын сокуга да байланыштырып жүрөт», - деп кошумчалады ал.

Атактуу Махмуд Кашгаринин XI кылымдагы маалыматы боюнча, Чүй өрөөнүндөгү эл согд жана түрк тилдеринде сүйлөшөрү белгиленген. Окумуштуулардын ошол мезгилдерде жашаган жергиликтүү элдин атынан Согдулук, Соголок деп жүрүп Сокулук суусу деп аталып калышы мүмкүн деген да пикири бар.

Сокулук району 1935-жылы Каганович району деп аталчу. Кийин 1957-жылдан тартып Сокулук дарыясынын атынан Сокулук деп аталып, Аламүдүн районуна караган. 1964-жылы район кайрадан уюшулуп түзүлгөн. 2014-жылдын эсеби менен райондун калкы 169,6 миңге жеткен. Районго Шопоков шаары, 19 айыл аймак жана 68 кыштак карайт. Калкынын 41,3%ын кыргыздар, 34,6%ын орустар, 3,9%ын казактар жана түрк, украин жана башка улуттун өкүлдөрү түзөт.

Экономика жана социалдык жактан өлкө боюнча өнүккөн райондордун катарында. Элге билим берүү тармагында 47 мектеп, балдар үйү, башталгыч мектеп, спорт мектеби, 2 кесиптик техникумдук окуу жайы, 35 китепкана, 35 клуб жана маданият үйлөрү бар. Ошондой эле 7 оорукана, бейтапкана, 15 ФАП иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×