Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуСокулук району 28.02.2017 12:06

Элдик уламыш: Военно-Антоновка айылынын аталышы Антон аттуу аскердин атынан коюлган (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын аталышы Антон аттуу аскер адамынын атынан коюлган. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Айыл өкмөт башчысы Нурланбек Бөкөнбаевдин айтымында, элет 109 жыл мурда сырттан көчүрүлүп келген орустар, украиндер тарабынан негизделген. Ал учурда бул жерге адамдарды жайгаштыруу иштерин Антон аттуу аскер адамы жүргүзгөн. Жаңы түптөлгөн конуш 1912-жылы айыл макамын алып, Военно-Антоновка деп аталган.

«Бишкек–Тараз автожолунун боюнда жайгашкан айылда көп улуттун өкүлдөрүнөн куралган 11 миңге жакын адам жашайт. Айыл өкмөт райондун борборунан 14 км, шаар борборунан 18 км аралыкта жайгашкан. Көп адамдар эмне үчүн Военно-Антоновка деп аталып калганын сурашат. Аты аталгандай эле жер өлчөгүч, аскер кийимчен Антондун ысымынан коюлган. Ал кезде бул жакка казак-орустардын аскеринин бир бөлүгү жайгаштырылган экен», - деди ал.

Айыл аймакта 3533 гектар айдоого жарактуу жер, 6 миң гектардан ашык жайыт бар. Өнөр жай тармагында 2 кийим тигүү цехи, 1 наабайкана иштейт. Айыл өкмөттүн социалдык мекемелеринин катарына кирген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мектеп, балдар үйү жана башка объекттер бар. Айыл өкмөттүн өздүк кирешеси 36 млн сомго жакын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×