Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Элдик уламыш: Баткендеги бозоргон талаа Боз-Адыр айылына айланган (фото)

Turmush -  Баткен районунун Боз-Адыр айылында 2651 адам жашайт. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Айылдын тургуну Абдижапар Таштанбаевдин айтымында, Боз-Адыр айылы мурда бозоргон талаа болгон. Ошондуктан 1971-жылы өздөштүрүлүп, колхоз, совхоз уюштурула баштаган айыл Боз-Адыр деп аталган. Бара-бара эл көбөйүп, там куруп, суу алып келишип, айыл негизделген.

Айыл облустун борборунан 30 чакырым алыста, деңиз деңгээлинен 1150 метр бийиктикте жайгашкан. Боз-Адыр айылы Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө карайт. Айылда жалпысынан 684 кожолук, 2651 адам жашайт. Элеттиктер негизинен дыйканчылык менен тиричилик кылышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6066
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×