Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баткен

Элдик уламыш: Көк-Талаа айылы Адалатхан аттуу аял тарабынан негизделген (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы Адалатхан аттуу аял тарабынан негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардын элеттин таржымалын тактады.

Алардын айтымында, айыл Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан. СССР учурунда бул жерге суу тартылып, өздөштүрүү баштаганда Адалатхан аттуу аял кыргыз жана өзбек улутундагы адамдардын башын бириктирип жаңы конушту негиздеген. Биринчи 17 үй-бүлө отурукташкан.

Элет район борборунан 20чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 800 метр бийиктикте жайгашып, айылдын жайы ысык, кышы жылуу келет. Айыл эли дыйканчылык жана мал чарба менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7160
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×