Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Адистин кеңеши: Кутурма оорусунан кантип сактануу керек?

Turmush -  Адамдардын үрөйүн учурган кооптуу оорулардын бири кутурма оорусу. Кутурма кантип, эмнеден жуга тургандыгы, аны дарылоонун жолдорун Баткен облусунун башкы рабиологу Арзыбек Бөрүбаев айтып берди.

- Кутурма оорусу адамдарга кандайча жугат?

- Оору козгогучу кутурган айбанаттын шилекейи аркылуу жугушу 1804-жылы эксперименталдык жол менен аныкталган. 1885-жылы улуу француз изилдөөчү Луи Пастер бул ооруга каршы вакцинаны иштеп чыгуу менен иммунология илимине негиз салган.

Кутурма дарты менен карышкыр, ит, чөө, кирпи, уй эшек келемиш жарганат, илбирс, чымчыктар жана башка жандуулардын баардыгы ооруйт. Кутурма оорусу жугуштуу оору. Кутурманы козгоочу вирустар жапайы жырткычтар арасында сакталып келет. Кутурган жаныбар адамды тиштегенде вирус шилекейи адамдын денесиндеги жарага түшүп же мурунга-оозго кирип кетсе да оору козголот. Адамдарга көбүнчө вирус ит-мышыктардын тиштөөсүнөн өтөт. Ит-мышыктарга болсо жапайы жаныбарлар жугузат. Акыр-чикирлердин өз убагында чыгарылбагандыгы келемиштерди көбөйүшүнө жеткирип, аларды кутурмага кабылгандары адамдарга залакасын тийгизүүдө.

- Кутурма вирусун жок кылып өлтүрүүгө болобу?

- Кутурма оруусун козгоочусу нейротроптук вирус ок (пулевидную) түрдуу формада болот. Анын узундугу 180 мм чейин сырткы чөйөрдө туруксуз, кайнатууда жана ар кандай дезинфекциялык кошулмаларда тез өлөт. Кутурма оору менен ооруган уйдун этин же сүтүн колдонгон учурда аны катуу кайнатып вирусун өлтүрсө анда ал оору адамга жукпайт.

- Оорунун белгилери кандай болот?

Денеге кутурма вирусунун киргени 10 күндөн 90 күнгө чейинки убакта байкалат. Жашыруун өнүгүү убактысы - инкубациялык мезгил 10 күндөн 90 күнгө созулат. 1 жылга чейин жана андан да көп болушу мүмкүн. Бул адамдын жашына, жаракат алган жерине байланыштуу болот.

1. Жаракаттын жайланышы (кыска - баш бет, колдун учтарындагы жаракат, узак - буттун жаракаттары)

2. Жаракаттын көлөмү жана оордугу (айрылган жаракат, терең жаракат, көп жаракаттар)

3. Нерв тамырлар көп жайланышкан жердеги жаракаттар

4. Жашы боюнча (чоңдорго караганда балдарда инкубациондук мезгил аз болот)

Оору 3 этапка бөлүнөт.

Башталыш этабы: 1-3 күнгө созулат. Оорулууда кызыктай сезим болот. Тиштеген жараты кычышат, ооруйт бир нерсе сайгандай болот. Кээ бирде тырык кызарат, шишийт. Ошол эле учурда коркуу, зеригүү, элдерден бөлүнүүнү каалайт. Оорулуу аз уктайт, уйкусу бузулуп ар түркүн жаман ойлор келет. Оорулуунун температурасы көтөрүлөт, башы ооруйт, деми кысылат, чарчап алы кетет. Табити жоголот, оозу кургайт жана тамагы ооруйт .

Оорунун күчөгөн маалы: 2-3 күн болот. Оорулууда суудан коркуу (гидрофобия) пайда болот. Суу ичейин десе тамак жана кекиртегиндеги булчуңдардын тарамышы кысат.
Андан кийин сууну көргөндө, суунун үнүн укканда, сөз менен эстегенде булчуңдардын тарамышы түйүлөт. Шамалдан (аэрофобия) жарык жерден (фотофобия), катуу үндөн (акустофобия) коркот. Тарамышты түйүлө бергенинен оорулуунун бети көгөрөт, коркунучтуу болуп калат, көздүн карегинин карасы чоңоюп, көз карашы кыймылсыз болуп калат. Дем алуусу катуу болот, үнү акырын чыгат. Шилекейи көбөйөт, кол тердейт.

Приступ күчөйгөн сайын орулуу агрессивдүү болуп, тополоң салат. Кулагына ар түрдүү нерселер угулат, көзүнө ар түрдүү нерселер көрүнөт. Оорулуу кыйкырат тиштенет, буюмдарды сындырат, кийимин жыртат жана башка. Приступ бир канча секундка созулат, андан кийин аң-сезими ойгонот. Бирок бул дагы кайталанат приступ убагында оорулуунун жүрөгү жана деми токтоп калуусу мүмкүн.

Шалга учуроо этабы: Бир канча секунддан 3 күнгө чейин уланат. Тарамыш тартуусу токтоп, оорулуунун коркуусу кетип, тынчтанат. Бирок оорулуунун алсыроосу күчөй берет. Буттары шал болот, заара кылганын билбей калат жана башка. Температурасы 42 С чейин көтөрүлөт, жүрөгү тез согот. Өлүм жүрөк жана дем алуу органынын шал болуусунан болот.
Жалпы ооруунун узактыгы 5-8 күндү түзөт. Жаш балдардын инкубациондук мезгили кыска болгондугунан козутуу мезгили болбой калат.

- Жабыркаган адам эмне кылуусу керек?

- Оорулуу кандайдыр бир жаныбардан жаракат алганда биринчи жашаган жериндеги эмканага кайрылат. Кайрылганда дарыгер оорулууну кабыл алып №104 буйрук боюнча ПХО жасайт.
Биринчи жаракатты 10% самын эритмеси менен жууп, андан кийин 70% спирт менен жуулат. Андан кийин 5% йод менен жууп жаракатты таңып ооруканага жөнөтөт. Оорулууну көргөн медициналык кызматкер журналына каттап санэпид станцияга телефон аркылуу жана кат аркылуу кабар берет.

- Кутурманы алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

-Үйдөгү иттерди өз убагында эмдетип эч убакта бош койбоо керек. Адам кандай жаныбардан жапа чекпесин сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуусу керек. Эгер чөйрөдө кутурган жаныбар чыкса анда үйдөгү жаныбарларды сөзсүз эмдетүү керек. Жолбун иттерди эч качан сылап-сыйпалабоо керек. Ооруну айыктырууга карганда аны алдын алуу оңой.

- Эмдөөдөн кимдер өтүшү керек?

Ит үйрөтүүчүлөр. Аңчылар жана корук кызматкерлери. Ошондой эле мал дарыгерлер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9704
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×