Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Адистин кеңеши: Адамдын өт баштыкчасындагы таш эмнеден пайда болот?

Turmush -   Аймактык кабарчы Талас облустук Чолпон Мамбетов атындагы ооруканасынын хигургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Масалбек Жумабековдон хирургияда көп катталган өт баштыкчасындагы таш оорусу жана анын пайда болушу тууралуу маалымат алды.

- Адамдын өт баштыкчасында таш эмнеден себептен пайда болот?

- Адамдын денесинде зат алмашуунун бузулушу, өзгөчө холестерин, билирубин, кальций туздарынын алмашуусунун бузулушунан улам өт баштыкчасында таш пайда болот.

- Ал эми таштар бөлүнөбү же бир түрдүү элеби?

- Жогоруда айтылгандай таштар 3 түрдүү болот. 1-холестерин ташы, 2-билирубин ташы, 3-калций таштары болот.

- Холестерин таштары деген эмне?

- Холестериндин кандагы тең салмактуулугу нормадан жогорулап кетүүсү. Боордо халестерин кандан өт баштыкчасына өтүп, өт менен ичеги карынга чыгарылат. Өт баштыкчасында холестериндин тең салмактуулугу нормадан көп болсо, өт баштыкчасында ашык холестерин уюп түшүп, саргыч-күрөң түстөгү холестерин кумун жаратат. Кумдар кошулуп биригип отуруп, холестерин ташына айланат.

- Холестерин организмде кайдан пайда болот?

- Майлуу, күчтүү тамактарды көп жеп, семирип кетүүдө канда холестерин нормадан жогорулап кетет.

- Билирубин таштар кандай жол менен пайда болот?

- Бул билирубиндин канда көбөйүп кетиши же боордун иштеши начарлап гепатотиттер билирубинге белокту байлоосу (бириктируусу) бузулса, өт баштыкчасында пайдаланбаган билирубин көбөйүп, уюп өт баштыкчасында кара же кочкул жашыл түстүү билирубин ташын жаратат.

- Калций таштарынын жаралышы тууралуу айта кетсеңиз.

- Калций туздары канда көбөйүп кетсе, өт баштыкчасына калций туздары уюп, калцийдин кристаллдарын пайда болушуна алып келет. Алар коюлуп, ак же түсү жок калций таштарын жаратат.

- Өт баштыкчасындагы таш оорусуна канча жаштагылар чалдыгат?

- Бул илдетке көбүнчө 40 жаштан өткөн, төрөгөн аялдар чалдыгат. Ал эми 70 жаштан ашкан адамдардын үчтөн биринде өт баштыкчасындагы таш ооруусу кездешет.

- Бул оорууну кандай жол менен аныктаса болот?

- Бул оорууну ультра үн менен аныктаса болот.

- Кандай жолдор менен дарыланыш керек?

- Өт баштыгындагы таштар жаңы пайда боло баштаганда борпоң убагында дары-дармек аркылуу ээритсе болот. Жазылган дарыны 6 айдан 2 жылга чейин 3 маал ичип туурусу зарыл. Эгерде ультра үндөн өт баштыгында таш ооруусу аныкталса операцияны шашылбай пландап жүргүзүү керек.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10521
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×