Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Талас

Адистин кеңеши: Курт сымал ичегинин катуу сезгениши деген эмне? (маек)

Turmush -   Аймактык кабарчы Талас облустук Чолпон Мамбетов атындагы ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жогорку категориядагы дарыгери Күлчоро Койчубековдон хирургияда көп катталган курт сымал ичегинин сезгениши (аппендицит) тууралуу маалымат алды.

- Курт сымал ичеги деген эмне?

- Курт сымал ичеги бул - латын тилинде «appendix», «кошумча» деген сөздөн келип чыккан. Ал мөөндүн иймейген өсүндүсү дегенди билдирет. Өсүндү сезгенгенде курт сымал ичегинин катуу сезгениш дарты пайда болот.

- Аталган өсүндү кайсыл жерде жайгашкан?

- Сокур ичегинин курт түрүндөгү өсүндү курсак көңдөйүнүн оң тарабында жайгашат. Сокур ичеги латын тилинде «ceacum» жоон ичегинин башталган жери болуп саналат. Орточо узундугу 5-7 см болот. Ичке ичеги менен сокур ичегинин ортосунда капкакча болот.

- Капкакча кандай функция аткарат?

- Капкакчаны эң биринчи сүрөттөп жазган швейцар окумуштуусу Баугин болгон. Ошондон улам Баугинин капкакчасы деп аталып калган. Капкакчанын аткарган милдети ичке ичегидеги заттарды сокур ичегиге өткөрүп жиберет да жоон ичеги жыйрылып иштей баштайт.

- Курт сымал ичегинин сезгенишинин баштапкы белгилери эмнеден байкалат?

- Тез эле убакытта ашказан ооруп, жүрөгү айланып, оозу кургап, кусушу мүмкүн. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ашказандагы оору, оң капталга өтүп, туруктуу оору пайда болот.

- Бул дартты алдын алса болобу?

- Негизи бул дарттын профилактикасы жок. Ашказан ооруган учурда эле тезинен дарыгерге кайрылуу керек. Эгер туура эмес диагноз коюлуп, оору күчөп кетсе ичтен жарылып, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бирок туура тамактануу менен көп ооруну алдын алса болот.

- Курт сымал ичегиде сезгенүү жок болсо аны балдар ымыркай кезде алдырып салса болобу? Зыяны жокпу?

- Кайсы орган болбосун операциянын зыяны болот. Анткени тигилген жер (спайка) бүткөн соң бири-бирине жабышып, башка дарттын чыгышына себеп болушу мүмкүн. Туюк болук ачылган жерде микроб калып, козгоочу болушу мүмкүн. Негизи бул абдан оорчунду жана көп катталуучу дарт болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9398
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×