Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Адистин кеңеши: Ымыркайды суук тийүүдөгү оорудан кантип сактоо керек?

Turmush -  Аймактык кабарчы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын балдарды жандандыруу бөлүмүнүн башчысы, 24 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер Замира Татаева менен балдарды суук тийүүдөгү оорулардан сактоо боюнча маектешти.

- Ымыркайларга суук тийип, жөтөлүшүнө эмне себеп болот?

- Негизинен ымыркайлардын суук тийип жөтөлүшүнө үйдөгү суук температура, калың кийинтип бат-бат тердетүү себеп болот. Убагында дарыгерге кайрылбаса ымыркайдын өпкөсүнүн сезгенишине алып келет.

- Кандай белгилерден улам дарыгерге кайрылуу керек?

- Ымыркайдын дене табын улам текшерип туруу зарыл. Дем алуусун байкоо керек. Ошондой эле, өпкөсү сезгенген учурда ооз көңдөйүнүн көгөрүшү, дене табынын ысышы, көкүрөктүн ылдыйкы бөлүгүнүн дем алууда көтөрүлүшү байкалса сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.

- Жаңы төрөлгөн ымыркайларды кандай температурада кармоо керек?

- Жаңы төрөлгөн ымыркайды төрөт бөлүмүнөн чыкканда 1 айга чейин 23-25 градус жылуу температурада кармоо зарыл.

- Суук тийүүдөгү жөтөл оорусун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

- Ымыркайды жылуу бөлмөдө жеңил кийинтип, убак-убагы менен таза абада кармоо керек. Эне ымыркайды бат-бат эмизиши зарыл. Ымыркайды көп тердетпөө керек. Оорунун белгилери байкалса өз алдынча дары-дармек бербестен дарыгерге текшертүү зарыл.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5082
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×