Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Адистин кеңеши: Тишти кантип туура сактоо керек? (маек)

Turmush -  Аймактык кабарчы Талас шаардык стоматологиялык поликлиникасынын 36 жылдан бери тиш дарыгери болуп эмгектенип жаткан дарыгери Курманбек Авленовдон тишке кам көрүү тууралуу суроолоруна жооп алды.

- Тиштер эмне себептен бузулууга дуушар болот?

- Тиштин бузулушуна организмде минералдык заттардын жетишпегени себеп болот. Андыктан тиштер катуу нерсе менен жарака кетирүүдөн, күч келүүдөн жана этинин сезгенишинен улам бузулууга дуушар болот.

- Тиш оорулары кантип пайда болот?

- Тиш ооруларынын пайда болушу — бул жарака кеткен тишке суук тийип, эттерине кан толгону. Бул учурда тиштин эттери жабыркап, тиштин оордунан жылуусуна алып келет. Эң биринчи бул кариес — тиштеги жогорку эмалдын бузулушунан башталат. Экинчи пульпит — тиштин терең көңдөйчөсүндө оору пайда болуп баштайт. Үчүнчүсү периодонтит — ириң пайда болуп, ошол жер томпоюп, нервдер чирип баштайт. Төртүнчү периостит — тиштин эттери сезгенип, оору күчөп кетет. Ооздогу челкабык оорусу кичинекей балдар гигиенаны сактабагандан улам пайда болот. Мисалы оозго жуулбаган оюнчук, мөмө-жемиштерди салуу жана ушул сыяктуу көрүнүштөр себеп болот. Бул учурда ээк эттери жара болуп, стоматит оорусу пайда болот.

- Адамда негизи канча тиш болот?

- 28 тиштен 32 тишке чейин болот. 4 тиш акыл азуу деп аталат. Акыл азуулар жаш курака карабайт. Негизи тиш сүт тиш жана туруктуу тиш болуп экиге бөлүнөт. Сүт тиш 6 айдан баштап 13-14 жашка чейин чыгып бүтөт. Ал эми туруктуу тиштер 5 жаштан баштап чыга баштайт.

- Тишти туура кантип агартуу керек?

- Азыркы учурда көп адамдар интернет булактарынан үй тиричилигине колдонулган сода менен жууп агартабыз дегенди көрүп жасашат. Бирок ал туура эмес. Сода тиштин эмалын бузат. Стоматологияда атайын ар кандай медициналык суюктуктар менен жууп полировкалайт. Дарыгерлер өзү ар кандай агартуучу пасталарды сунуштайт. Бул тишти агартуу үчүн коопсуз тандоо болот.

- Тишти жакшы сактоо үчүн алдын ала кантип кам көрүү керек?

- Негизинен тишке 2 жаштан баштап кам көрүп баштоо керек. Күнүнө 2 маал жууп-тазалоо (эртең менен жана кечинде), 1 жылда 2 жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү керек. Катуу нерселерди тиштебегенге аракет кылып, витаминдүү мөмө-жемиштер менен азыктануу зарыл. Көбүнчө пияз, сарымсактан чыккан суюктук тиштин жакшы сакталуусун камсыздайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17127
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×