Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Талас

Элдик уламыш: Үч-Эмчек айылынын аталышы 3 дөбөдөн улам келип чыккан (фото)

Turmush -  Талас районундагы Үч-Эмчек айылы 1929-1930-жылдары негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан айылдын таржымалы тууралуу маалымат алды.

Алардын айтымында, айылдын Үч-Эмчек аталышына элеттин түндүк жагындагы эмчекке окшош дөбөлөр себеп болгон.

Эл ичинде мындан башка дагы жоромолдор айтылып келет. Экинчи уламышка караганда, Өзгөрүш, Өрнөк жана Кууганды өзөндөрү бар. Алар бийик тоодон 3 салаа болуп көрүнөт. Суулары да салаалап агат. Ошол себептен айылдын аты Үч-Эмчек деп коюлган, дешет айылдыктар.

470тен ашуун түтүн эл жашаган айыл райондун борбору Көк-Ой айылынан 42 км, «Маймак» темир жол станциясынан 143 км алыстыкта жайгашкан. Элеттин эли мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет. Айылда орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, ФАП, музей, мечит жана кичи футбол аянтчасы бар.

Элеттен Касым Каимов, эл акыны Сүйүнбай Эралиев, Социалдык эмгектин баатыры Шаршен Назаралиев, М.Тазабеков, белгилүү сүрөтчү Жаныбек Рай жана башкалар чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5544
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 18 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×