Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Ош

Элдик уламыш: Жибек жолунан өткөн чоң соодагерлер үчүн Лангар айылы өзгөчө мааниге ээ болгон

Turmush -  Кара-Суу районунун Лангар айылы дүйнөгө белгилүү Жибек жолунда жайгашкан.

«Лангар» деген аталыш фарс тилинен кыргыз тилине которгондо «токтоочу жай дегенди» түшүндүрөт. Лангар деген аталыштагы жер-сууну учурда 4 мамлекеттен кездештирүүгө боло турганын аталган айылдын тургуну,  Ж.Култаев орто мектебинин адабиятчы мугалими Эркин Шаимкулов аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

лангар3
Тарыхый аталыштардын, эстеликтердин тарыхын билип, кийинки муунга түшүндүрүп, аларга татыктуу өткөрүп берүү заман талабы, дейт мугалим.

«Дүйнөнүн картасында Лангар деген аталыштагы жерлер Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда орун алган. Өткөн кылымдан бери эл оозунда "Акчаң болсо Лангарда шорпо» деген сөз айтылып келет. Илгери соодагерлер Улуу Жибек жолу аркылуу соода-сатык иштерин жүргүзүп келген. Биздин айыл ушул жолдун тоомунда жайгашкан.

Аксакалдардан укканым боюнча, Лангарда эски мектептин жанында кичинекей дүкөн болгон экен. Соодагерлер өтүп бара жатып, андан соода кылып турушкан. Өз буюм-тайымдарын өткөрүп, жергиликтүү кол өнөрчүлөр жасаган буюм-тайымдарды, кымбат баалуу терилерди алып, Кербен-Колго өргүп, Така, Кабылан-Көл аркылуу Кытайга жол тартып турушкан.

Биздин айыл Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 30-37-чакырымынан орун алган. Лангар айылында өтө чоң кара жыгач болгонун, анын алдына чоң мал базар уюштурулуп, жыгачтын көлөкөсүнө эки короо кой батканын аксакалдар айтышчу. 1941-жылы Кара жыгач куурай баштап, тамырынан чыккан кичинекей бөлүгү кайрадан өсүп чыгып, ага Аяз багбан суу буруп өстүргөнүн билебиз», - деди Э.Шаимкулов.

Э. Шаимкулов

лангар5

Лангар айылындагы жер-суунун аталыштарын Касымалы Жантөшевдин «Каныбек» романынан кездештирүүгө болот, деп кошумчалады.

«Бул чыгармадан биздин айылдагы жер-суунун Машрап-Сай, Камыр-Дөбөт, Кароол-Чоку, Шамураттын тегирмени, Каныбектин үйү, Лангар сыяктуу аталыштарын кездештирүүгө болот.

Шамураттын тегирменинин орду ушул күнгө чейин сакталып калган. Бул тегирмен Бекмамат Шаимкуловдун чоң атасынын тегирмени. 

Окуучуларга «Каныбек» романын өтүп жатканда анда айтылган жерлер менен жеринен барып тааныштырып келүүгө аракет кылам. Камыр-Дөбөнүн үстүндө романдагы башкы каарман Каныбектин үйүнүн орду бар. Ал узун-туурасы 3 метрден болуп, чарчы формасында», - деди Эркин мырза.   

лангар

лангар1

лангар

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9984
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×