Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.11.-0001 00:00

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Д.Суранбаева 20 жылдан бери дарылык касиети бар сейрек кездешүүчү гүл өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 73 жаштагы тургуну Дарья Суранбаева 20 жылдан бери европалык сорттогу колхикум борнмюллера гүлүн өстүрөт.

Д.Суранбаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, бул гүлдүн уругун 20 жыл мурун Прибалтикадан атайын буюртма менен алдырган.

«Мен бул гүлдүн аталышын билчү эмес элем. Тааныштар аркылуу интернеттен так аталышын билип алдым. Бирок, Прибалтика же Чехословакиядан түрдүү гүлдүн уругун алдырганда чогуу келгени эсимде. Менде гүл дүйнөсүнө байланышкан түрдүү адабияттар, энциклопедиялар бар. Бирок, алар СССР доорундагы китептер болгондуктан иллюстрациялары жок. Гүлдөрдү чексиз сүйгөндүгүмдөн алар тууралуу жазылган адабияттарды кымбатына карабай сатып алам. Анткени ар бир гүлгө туура кам көрүү керек. Гүлдү өстүрүүнүн өзүнүн маданияты бар. Гүлдөрдү жакшы карасаң ишиңдин акыбети кайтып, гүлдөр тынымсыз гүлдөйт», - дейт ал.

Д.Суранбаева белгилегендей, Кыргызстан боюнча мындай гүлдөр өтө сейрек кездешет.

«Бул гүл бир гана менин короомдо өссө керек. Анткени эч бир жерден мындай гүлдү кездештирген жокмун. Уругун дагы эч кимге бербейм. Ар жылы август айынын аягынан баштап эки жума гана гүлдөйт. Узундугу 20-25 см, жалбырагы жок. Уругунан өнүп чыгат. Июнь, июль айларында уругун эккенден кийин кийинки жылы жазда өнүп чыгып, 5-7 жылдан кийин гүлдөйт. Ар дайым карап, баттан сугарып, түбүн жумшартып туруу керек. Жакшы каралса ноябрь айына чейин гүлдөйт», - деди ал.

Д.Суранбаева кошумчалагандай, бул гүлдүн 70тен ашык түрү бар. Мекени Закавказье, Түркия, Түндүк Иран, Карпат жана Гималай тоолору жана Кара деңизде да өсөт. Россиянын Кызыл китебине киргизилген.

«Көпчүлүк түрү күзүндө, кеч күз, биринчи кар түшкөнгө чейин гүлдөй берет. Бул гүлдү гүлзар кылып отургузса болот. Бирок, жаш балдар бар жерге отургузуу коркунучтуу. Анткени бул гүл уулуу келет. Ошондуктан гүлдү үзбөй, сыртынан гана суктанып койсо жакшы болот. Анын дарылык касиети да бар. Ревматизм, невралгия сыяктуу ооруларга пайдалуу», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×