Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.07.2016 11:07

Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы таза суу маселесин чечүүгө 80 млн сом керектелет

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында таза суу маселеси курч бойдон турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар ЖК депутаттары менен жолугушууда билдиришти.

Алардын айтымында, суу түтүктөр 1968-жылы курулуп, ошол убакыттан бери жаңыланган эмес. Буга байланыштуу таза суу боюнча көйгөй жаралууда. Суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинин директору А.Токтошев суу түтүктөрүн кайра калыбына келтирүү иштерине 80 млн сом керектеле турганын белгиледи.

«Суу түтүктөрдүн барын жасап, жаңылайбыз деп убада бере албайм. Бирок, 2017-жылдын планына киргизүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле, жаңы долбоор боюнча Дархан, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында, Каракол шаарында суу түтүктөрүн кайра калыбына келтирүүнү пландап жатабыз. Бул иштер Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча аткарылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×