Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.07.2016 09:20

Кара-Көлдө санариптик телеберүүгө өтүү маселеси талкууланды (фото)

Turmush -  Кечээ, 27-июлда Кара-Көл шаарындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлерине санариптик телеберүүгө өтүү тууралуу маалымат берүү боюнча жолугушуу болуп өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жолугушууга маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын директору Абдижапар Умаров катышты.

Иш-чаранын максаты — санариптик телеберүүгө өтүүнүн пайдалуу жактары боюнча элге маалымат берүү.

«Аналогдук телеберүүнү өчүрүү октябрда этап менен башталат. Учурда телеберүүлөрдү санарипке өткөрүү боюнча мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүүдө. Санариптик телеберүүнүн сапаты тууралуу Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып, анализдеп, калк арасында сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. Кыргызстан боюнча калктын 95%ы санариптик телеберүүгө өткөрүлөт. Калган 5%ы тоонун ортосунда жайгашкан айылдарда болгондуктан аларда аналогдун телеберүү өчүрүлбөйт. Бирок, кийин алар дагы санариптик телеберүүгө өткөрүлөт», - деди А.Темирбекова.

Ошондой эле, катышуучулар санариптик телеберүүгө өтүүдө DVD T2 форматтагы сыналгы, ресивер жана кабель сатып алуу керектиги айтылды.

Жыйындын соңунда жолугушууга келгендер мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×