Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусу, Ош 27.07.2016 18:59

Өзгөндөгү 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-июлда Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылды. Ал Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги, Марокко Королдугундагы, Иордания Хашимит Королдугундагы элчиси Жусупбек Шариповдун демилгеси менен уюштурулган.

«Айылдагы гуманитардык жардамга муктаждарды аныктоодо үй-бүлөлүк жана социалдык абалы боюнча критерийлер каралып, ата-энеси жок балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган жарандар тизмеге кирди», - деди уюштуруучулар.

Гуманитардык жардам 1 кап ун, 5 литр тамак-аш майы, кумшекер, чай, кесме, күрүч жана башка азык-түлүк түрүндө берилди. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга майып арабалар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×