Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 27.07.2016 17:18

Парламенттеги депутаттардын саны 30дан көп болбошу керек, - фракция лидери И.Өмүркулов (фото)

Turmush -  Тоң районунун жашоочулары Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны көп экендигине нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда жергиликтүү тургундар ЖК депутаттары менен жолугушууда билдиришти.

Алардын айтымында, Кыргызстан үчүн 120 депутат көп. Мамлекеттик бюджеттен айлык алган депутаттардын, чиновниктердин санын кыскартуу керек.

«Мамлекеттик бюджеттин көпчүлүк бөлүгү депутаттарды, чиновниктерди багууга жумшалат. Аларга кызматтык унаа, үй, бардык жеңилдиктер, эс алууга жолдомолор берилет. Алардын айлыгына канча каражат кетерин эч ким эсептебейт. Өзүңөрдөн баштап, чыгымдарыңарды кыскартыла! Биздин Кыргызстандын каражатын коротконду токтоткула. Кичинекей өлкөгө 120 депутаттын эмне кереги бар? Эл үчүн эмне кылдыңар?», - деди Бөкөнбаев айылынын тургуну Турсункул Кабылов.

Б 5

Анын мындай сын пикирине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов макул экендигин айтты.

«Мен силерге кошулам. Депутаттар көп. Алардын саны 30дан көп болбошу керек деп ойлойм», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×