Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.07.2016 16:53

Караколдук спортчу Э.Масиев Румынияда өтүүчү самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатка барат

Turmush -  Караколдук спортчу Элдос Масиев Румынияда өтө турган самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатка барат.

Каракол шаарындагы облустук балдар-өспүрүмдөр мектебинин самбо боюнча машыктыруучусу Улан Муканбетовдун айтымында, спорт чебери Э.Масиев Румынияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышууга лицензия алды.

«Э.Масиев бир катар республикалык, эл аралык мелдештерде жеңишке ээ болуу менен бул ийгиликке жетти. Ашхабад шаарында 20-30-майда самбо боюнча өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээлеп, күмүш медалды жеңип алган. Ал 68 салмакта 2015-жылы Жалал-Абад шаарында өткөн республикалык спартакиадада мелдешип, 1-орунду алган. Бишкекте 2016-жылдын апрель айында өткөн Кыргызстандын тандоо чемпионаты учурунда финалга чыккан.

Учурда Э.Масиев октябрь айында болуучу дүйнөлүк чемпионатка даярданууда», - дейт У.Муканбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×